«Батукаев иши» боюнча соттолгон саясатчы түрмөгө которулары кабарланып жаткан. Бирок «Кой-Таш ишине» байланыштуу сот аны атайын кызматтын жабык жайында кармоону чечти. Бул арада Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу процесси жөнүндө биринчи жолу ачык кайрылуу жасап, азыркы бийликти айыптады.
Которулат, которулбайт…
Атамбаевдин бөгөт чарасы боюнча соңку чечимди 2-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кабыл алды. Ал Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу ишти кароону улантып жатат.
Бул жөнүндө «Азаттыкка» Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымат берди.
«Негизи Алмазбек Атамбаевди УКМКнын Тергөө абагына «Батукаев иши» боюнча отургузушкан. Ал эми «Кой-Таш иши» боюнча анын бөгөт чарасы каралган эмес. Бүгүн прокурорлор «Кой-Таш ишине» байланыштуу айыпталуучу катары Алмазбек Атамбаевди бөгөт чарасы тууралуу өтүнүч келтирип, УКМКнын тергөө абагында кармоону суранышты. Ал өтүнүчтү судья канааттандырды. Натыйжада Алмазбек Атамбаев атайын кызматтын тергөө абагында калмай болду», - деди Жолдубаева.
Быйыл 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.
Бул чечимди 14-августта Бишкек шаардык соту да бекиткен. Шаардык соттун чечими ошол эле күнү күчүнө кирген деп саналган жана натыйжада Атамбаев абакка которулушу керек болчу.
Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевди №1 же №47 абакка которууга даярдык көрүлүп жатканын кабарлап, муну туура эмес аракет деп баалаган.
Буга байланыштуу көз карандысыз юрист Шарабидин Токтосуновдун оюн сурап көрдүк.
«Ооба, бир иш боюнча соттун өкүмү күчүнө кирди. Бирок башка иштери сотто каралып жатат да. Юридикалык жактан алганда мындай жагдайда соттолуучу абакка которулбайт. Ким болгон күндө дагы ал тергөө абагында же убактылуу кармоочу жайда кармалышы керек жана тергөө жараяндарына, соттук отурумдарга катышууга толук укугу бар. Экинчи иши боюнча, же дагы башка иштери боюнча да берилген жаза кошулуп эсептелинет. Бардыгы бириккенде 20 жылдан ашпаш керек же өмүр бою жазаланышы керек. Мына экс-премьер-министр Сапар Исаковду да ошентип, бир соттук отурумда өкүм чыгып, түрмөгө которушкан. Бирок башка иш боюнча он күндөн кийин аны кайра тергөө абагына алып келишти. Мына ушундай болбош керек», - деди ал.
Атамбаевди түрмөгө которуу аракети болгону же болбогонун УКМК тактаган жок. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков мурдагы мамлекет башчыны аларга жөнөтүү боюнча сөз боло электигин билдирди.
Абактан жазган кайрылуу
Ал арада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өзү соттолгон иш боюнча кайрылуу жасады. Кайрылууну ал 28-августта жазганы менен майрам жана дем алыш күндөргө байланыштуу 2-сентябрда таратылды.
Атамбаев сот жабык өтүп, бардык материалдар сыр катары сакталгандыктан, көпчүлүк чындыкты билбей, бийликтин ар кандай ушак-жалаасына ишенип жатканын, буга байланыштуу кайрылуу жасаганын белгилеген.
«Президент катары 2011-жылдан тарта мен 80ден ашуун киши каза таап, жүздөгөн адам жараат алган 7-апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялоо үчүн бардык чараларды көрдүм. «Батукаев иши» аркылуу 2012-жылы УКМКнын пландалган операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүү керек эле. Операцияны жетектөөнү анын демилгечиси, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок кылмыш иштин бир дагы материалында, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат бар болчу - ал ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу. Ошондуктан иш жүзүндө «Сокенин соту» мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операциясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду», - деп айтылат Атамбаевдин кайрылуусунда.
Дагы караңыз Атамбаевдин ишиндеги жашыруун жагдайларБилдирмеде мурдагы мамлекет башчы азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин айыптап, өзүнүн соттолушун Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиев жана анын жакындарын коргоо аракети катары баалады.
«Батукаев иши» боюнча өкүм аркылуу 150 адамдын өлүмүнө жана жүздөгөн адамдардын майып болушуна күнөөлүү Жаныш Бакиевге жана анын өнөктөштөрүнө Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө кол тийбестик макамын ыйгарды десек жаңылбайбыз. Бул өкүм тийиштүү укук коргоо органдарына жана күч түзүмдөрүнө – 2010-жылдын 7-апрелинде тынч жарандарды массалык түрдө аттырган Бакиевдерге жана башка күнөөкөрлөргө каршы реалдуу аракеттерди көрбөгөнгө ачык-айкын көрсөтмө болду. Кыргыз эли мунун артында кимдер жана эмне турганын ачык билип, түшүнүшү керек. Кыңыр иш кырк жылда билинет. «Сокенин сотунан» башка элдин соту, тарыхтын соту, жарандардын соту бар. Бийликтин булагы – бул эл! Эртеби-кечпи акыры эл жана чындык жеңет!», - деди Алмазбек Атамбаев.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) былтыр бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.
Буга байланыштуу соттук териштирүүлөргө журналисттер катыштырылган эмес. Бирок 2019-жылдын аяктарында бул иштеги дагы бир айыпталуучу ошол кезде вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган Шамил Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин беттештирүү протоколу жарыяланып кеткен.
Анда Шамил Атаханов УКМКнын төрагасы болуп турган кезде Атамбаев ага мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди алып келүүнү тапшырганын билдирген. Бирок ал мунун мыйзамдуу жолдору калбай калгандыктан атайын операция уюштуруу маселеси келип чыкканы тууралуу көрсөтмө берген.
Тагыраагы кримтөбөлдү түрмөдөн бошотсо, анын ордуна Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов Жаныш Бакиевди Беларустан алып келерин билдиргени айтылат. Натыйжада Батукаев бошотулуп, бирок Жаныш Бакиевди алып келүү убадасы ишке ашпай калганы белгиленет.
«Атамбаев Батукаевди бошотконун моюнуна алыптыр...»
Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары кеп болгон кылмыш ишинде Атаханов ушундай көрсөтмө бергенин ырастап, бирок мурдагы президент ага ак же көк дебегенин айтышкан. Демек, соңку билдирүү аркылуу Атамбаев бул жөнүндө биринчи жолу пикирин айтып жатат десек болот.
Экс-премьер-министр, мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов окуянын бул өңүтүн мындайча комментарийледи.
«Албетте сот жабык өттү. Эгер Интернетке жарыяланган маалыматтарга жана Атамбаевдин билдирүүсүнө таянсак, бир нече бүтүм чыгарсак болот. Биринчиден, Жаныш Бакиевди уурдап келүүгө Батукаевди бошотууну алмаштыруу фактысы текшерилбей калды. Эмне кылыш керек эле? Мински конвенциясына ылайык, Орусиянын Башкы прокуратурасына Мамдуманын депутаты Адам Делимхановду суракка алуу боюнча суроо-талап жөнөтүш керек болчу. Андан Атаханов менен жолуккан же жолукпаганын, Батукаевди уурдап келүүгө убада берген же бербегенин сураш керек болчу. Ошондуктан азырынча бул операция болгонун же болбогонун так айта албайбыз. Анткени атайын операция сөзсүз түрдө кагаз жүзүндө жазылып, бекитилиш керек эле. Ансыз Жаныш Бакиевди уурдап келгиси келсе, бул операция эмес, афера, кылмышка жатат. Башка жагдай, балким Атаханов Атамбаевге операция деп айтып коюп, бирок аны документалдык жактан бекитпеген болушу мүмкүн. Экинчиден, мына ушул жагдайдан улам айыпталуучуларга коррупция беренеси менен айып коюлганы туура эмес болду. Анткени алар, акча же, башка нерсе алган эмес. Ошондуктан алар кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу беренеси менен айыпталышы керек болчу», - деди ал.
Дагы караңыз Бишкек-Минск: «кун кууган» куттуктооШаардык соттун «Батукаевдин иши» боюнча соңку чечимине ылайык, Атамбаев менен бирге айыпталып жаткан мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага райондук сот салган беш миллион сомдук айыппул да күчүндө калган. Экс-прокурор мамлекеттик чиндеринен жана наамдарынан ажыратылды.
Мындан сырткары райондук сот Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду күнөөлүү деп таап, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерген эмес.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, аны эки жылга эркинен ажыратууга өкүмү чыккан. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган. Шаардык сот Качкыналиевге карата буга чейинки чечимди күчүндө калтырды.
Мындан сырткары тергөө менен кызматташкан 14 адамдын ичинен онуна акчалай айыппул салынды.
Батукаев абактан чыгарылып кеткен жылы акыйкатчы болуп турган Турсунбек Акун Атамбаевдин соңку билдирүүсү тууралуу буларга токтолду.
«Бул билдирүү күлкү келтирерлик болуптур. Муну менен ал өзү аңга түшүп бериптир, иш жүзүндө күнөөсүн моюнуна алыптыр. Биринчиден, Алмазбек Атамбаев бүткүл сөздөрүндө «Батукаев боюнча таптакыр эч нерсе билбейм, бул ишке эч кандай тиешем жок» деп айтып келген. Эми болсо «операциянын башында мен тургам, УКМКнын башчысына мен тапшырма бергем, тилекке каршы бул ишке ашпай калды» деп айтып жатат. Демек, кызыл килем менен узатуунун башында Атамбаев өзү турган. Мына канча жылдан бери созулуп келаткан иштин түйүнү толук ачыкка чыкты. Экинчиден, «Сооронбай Жээнбеков Бакиевдерди кол тийгис кылып койду» дегени сандырактык. Бакиевдер соттолгон, алды өмүр бою кесилген. Аларды Атамбаев да алып келе алган эмес, азыркы бийлик да алып келе албай жатат. Сот өтсө эле алар «кол тийбес» болуп калбайт, бул туура эмес. Анан «бул жерде коррупциялык элемент жок, тиги-бу» деп жатат. Кайдагы коррупция? Бул жерде Атамбаев өзү киришип, укук коргоо органдарына команда бергенин ачык айтып жатпайбы. Кызмат абалынан ашыкча пайдаланып, «мыйзамдагы ууруну» кое берүүгө буйрук берип жатат. Бул Конституцияны бузуу, бул даана узурпация».
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ушул Батукаев иши боюнча суракка келүүдөн баш тартышы 2019-жылдын 7-8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуяга алып келген.
Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып кармалган. Буга байланыштуу Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар айыпталып жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.