Он бир жылга соттолгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары аны үй камагына чыгаруу талабын коюп жатышат. Ал эми Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча күнөөлүү деп эсептегендер Жогорку соттун чечимин сындашууда.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Жогорку соттон кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулганы боюнча төмөнкү инстанциядагы сот өкүмдөрүн жокко чыгарууну жана ишти кайра кароону суранышкан.
Адвокат Замир Жоошев алардын өтүнүчүн Жогорку соттун судьялары 30-ноябрда канааттандырганын билдирди. Жоошев эми Атамбаев үй камагына чыгышы керек деп эсептейт.
«Биз кечээ мыйзамдарды бир сыйра карап чыктык. Атамбаевдин башка иштери боюнча бөгөт чарасы тандалган эмес. Бир гана Батукаевдин иши боюнча өкүмдөрдүн негизинде №47 абакта отурган. Эми ал өкүм кечээ жокко чыкты. Демек, абакта кармаганга негиз жок. Эми чечимдердин негизинде аны абакка барганда эле дароо бошотуу керек», - деди Жоошев.
Дагы караңыз Камактагы саясатчылардын бийликти сынаган иши
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жогорку соттун чечимин тийиштүү кызматтар карап чечим чыгарыларын маалымдады.
Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов «Батукаевдин иши» боюнча Атамбаевди 11 жыл, эки айга кескен, ошондой эле анын өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыраткан.
Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Атамбаев алгач УКМКнын тергөө абагында кармалып турган, быйыл ноябрь айында Бишкектеги №47 абакка которулган.
Кримтөбөл Азиз Батукаев мындан жети жыл мурун «айыккыс илдетке чалдыкты» деген жүйө менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошонгон. 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамилеси бузулгандан кийин милиция Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко жөнөткөн. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иши козголгон 14 адам тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан алардын макамы өзгөртүлгөн.
Алмазбек Атамбаевди Жогорку Кеңеш 2019-жылы экс-президент деген макамдан ажыраткан. Бул чечим Атамбаевди соттоого жол ачкан. Анын экс-президент макамын алууга макул болгон КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов мындай деди.
«Соттун чечимин кандай баалайсың? Аны сот чечет. Күнөөсү жок болсо күнөөсү жок деп чечет», - деди.
Ушул эле фракциянын депутаты Аалы Карашев өлкөдө ким болбосун аны кылмышка катыштыгы териштирилиши керек деген позиция менен Атамбаевдин кол тийбестигин алууну колдогон. Ал азыр Батукаев боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий бере албай турганын айтты.
«Бир гана Атамбаев эмес, башка президенттердин да кол тийбестигин алууда ким болбосун мыйзам баарына бирдей болушу керек. Мен ушундай позицияны айткам. Бир эле киши эмес, жалпы баары үчүн деп».
Кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аталган Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевди күнөөлүү деп эсептегендер мурдагы президенттин бөгөт чарасын кайра кароого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн сындап жатышат.
Алардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов муну саясий чечим деп атап, азыркы бийликти сындады.
«Бул бүгүнкү бийликтин кезектеги конъюнктуралык кадамы. Шайлоодон утуп чыгыш керек эле деп, Чүйдүн добушун алам деген кадам. Атамбаевдин учурунда коррупция туу чокуга чыккан. Батукаевдин чыгып кеткени бүтүндөй кыргыз бийлигине көлөкө түшүргөн иш болгон. Муну саясатка аралаштырбаш керек», - деди Калмаматов.
6-октябрдагы окуялардан кийин абактан чыгып бийликке келген Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаевди үй камагына чыгарып, сот жараяндарын өткөрүүгө макул экенин билдирген. Бирок Жапаров президенттикке талапкер болуу үчүн кызматын тапшырып жатып, басма сөз жыйынын өткөрүп Атамбаев жөнүндө мындай деген.
«Азиз Батукаев боюнча камалбады беле. Андан кийин Кой-Таш окуясы боюнча да кылмыш иши бар экен. Мен бул боюнча оюмду айткам. Колдон келсе үй камагына чыгарып койсок, ошол жерден күнөөлүү болсо же башка иштер менен акталып чыкса деген оюмду айткам. Бирок, сотторго, прокурорлорго "мындай кыл" деп айта албайм. Менин толук укугум болсо үй камагына чыгарып коёт элем», - деди Жапаров.
Алмазбек Атамбаев Батукаев ишинен сырткары бир нече берене менен дагы айыпталууда. Атамбаевдин жактоочуларынын айтымында, Кой-Таш окуясы, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да иш бар. Үчүнчү иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге каршы козголгон. Ал «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», «Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турат.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү.
"Азаттыктын" архиви: Кан төгүлгөн кагылышка бир жыл. Август, 2020-жыл.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.