Баткендик жаштардын суу тазалаган дрону

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен мамлекеттик университети ойлоп табуучулук жана ишкердикке кызыккан студенттерге “Бизнеси инкубатор” уюштурган. Бул борбордо азырынча суу алдындагы изилдөө, куткаруу, булганыч сууну тазалай турган дрондорду жасап, абадан сууну бөлүп алуу долбоорун ишке ашырууда. Технология доорунун чакырыктарына жооп берүүгө аракет кылып, таланттуу студенттерди колдоп жаткан борбор дагы бир топ жаңы долбоорлор үстүндө аракеттенип жатышат.