Баткенден табылган байыркы буюмдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

БатМУ менен Улуттук илимдер академиясынын биргелешкен экспедициясы аймакта акыркы 65 жылда биринчи жолу казуу иштеринде I-V кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдөн көчмөн уруулардын маданиятына таандык буюмдар, зер буюмдары жана шарап сактаган идиштерди табышты.

Баткенде илимий- казуу иштерин жүргүзүп жаткан археологиялык экспедиция бир топ табылгаларды тапты. Баткен мамлекеттик университети менен Улуттук илимдер академиясынын биргелешкен экспедициясы аймакта акыркы 65 жылда биринчи жолу казуу иштеринде I-V кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдөн көчмөн уруулардын маданиятына тааандык буюмдар, зер буюмдары жана шарап сактаган идиштерди табышты. Архелогдор экспонаттарды толук изилдөө үчүн өлкөдө каржылык маселе бар экенин айтышат.