Баткен: таасирдүү адамдар аралашкан чайыр бизнеси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен жана Ош облусунда ферула же сасык чайыр деп аталган өсүмдүккө байланыштуу чыр күчөдү. Бул бизнес менен алектенген компания үч миңге жакын жайыт жердин кыртышын бузуп, үрөн чачкан.

Жергиликтүү тургундар бул көрүнүшкө каршы болуп келишкен. Бирок иликтөө Баткендин прокурору кызматтан кеткенден кийин гана башталган. “Азаттык” мурдагы кызматкердин ферула айдаган компания менен байланышын иликтеп чыкты.