Кадамжайдагы сел беш кишинин өмүрүн алды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен облусунун Кадамжай райондагы катуу сел беш адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Альберт Тагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кырсык Кадамжай-Айдаркен жолунда кечки саат бештерде болду. Катуу селден улам тоодон таштар кулап, жолдо бараткан "Хонда CRV" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаадагы беш киши каза болуп, бир баланы куткаруучулар аман алып калышты.