Баткенде органикалык өрүк өстүрүлөт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткенде жылына сегиз миллиард сомдон арбын киреше берген өрүктү дүйнөлүк базарга чыгаруу үчүн дыйкан чарбалары ирилеше баштады. Эл аралык талаптарга жооп бергидей сапаттуу товар өндүрүүнү көздөгөн дыйкандар алгачкы жолу өрүктү сууктан, зыянкечтерден сактоо үчүн Кореядан чыккан дарыны сынап, өнөктөштөр менен кызматташууга кадам шилтеп жатышат.