Басмачылык кыймылдын башында тургандар

Басмачыларга каршы турган советтик ыктыярчылар тобу. 1920-жылдар. Орто Азия.

1917-жылдын февраль айындагы революция Орусия империясынын акыркы императору Николай IIни тактан кулаткан. Падышалык бийликтин кулагандыгы тууралуу алгачкы кабар кыргыз жергесине март айынын башында гана жетти.

Революциянын шарапаты менен Кыргызстандын Пишпек жана Ош сыяктуу уезддик борборлорунда, ошондой эле аймактарда байма-бай демонстрациялар жана митингдер өтүп, бир топ талаптар коюлган. Мына ушундай окуялардан кийин март айынын башында Пишпектеги, Караколдогу жана Оштогу түрмөдө жаткан 500гө жакын саясий туткун эркиндикке чыгат.

Падышалык бийликти кулаткандан кийин, анын ордуна түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн курамына кайрадан эле мурдагы падышалык бийликтин саясатын колдогон топтор кирип, жумушчулар менен дыйкандар сыртта калган. Февраль революциясы жалпы эл күткөн саясий эркиндикти бергени менен дыйкандар менен жумушчулар эңсеген негизги маселелерди чече алган эмес.

Мурдагы Орусия империясынын башка аймактарындай эле Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстанда дагы падышалык бийлик кулаганы менен анын колониялык саясаты улантыла берген. Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башчысы Александр Керенский Түркстандын аймагына колония катары мамиле кылып, аймакта мурдагы генерал-губернатор Алексей Николаевич Куропаткин (1848-1925) баш болгон эски чиновниктердин бийлиги өкүм сүргөн.

Мисалы, 1916-жылдагы Кыргызстандагы “Үркүн” деген ат менен тарыхта белгилүү болгон улуттук боштондук көтөрүлүшүндө мурдагы падышалык бийликтин камчысын чаап, өзгөчө эрдик көрсөтүшкөн Шеболин, Занемовский, Дряхлов, Ходосовдор уезддик комиссарлар болуп дайындалышып, жергиликтүү элге карата ашынган улутчулдук саясатты уланта беришкен.

Дагы караңыз 1916: Орусиянын оторчул саясатынын кесепети

Элдин үмүтүн актабаган Февраль революциясы жергиликтүү элдин, дыйкандар менен жумушчулардын күндөн-күнгө нааразычылыктарын жаратып, улуттук боштондук мүнөздөгү саясий күчтөрдү бириктирген Кыргыз коомдук комитети, Мусулман жумушчулары менен чайрыкерлеринин депутаттарынын совети өңдүү уюмдарга бириге башташкан.

Борбордук Орусиядан айырмаланып, Кыргызстанда жумушчулар менен аскерлердин депутаттарынын советтеринен, Убактылуу өкмөттүн комитеттеринен жана жергиликтүү элдин улуттук мүнөздө түзүлгөн Кыргыз коомдук комитеттеринен турган үч бийликтин жашоосу өкүм сүргөнү менен, реалдуу бийлик Убактылуу өкмөттүн колунда эле.

Убактылуу өкмөттүн саясатына нааразы болгон жумушчулар 1917-жылдын июнь айынын башында Ташкентте миңге жакын адам катышкан атайын чоң жыйын өткөрүп, өкмөттүн саясатына каршы уюштуруу бюросун түзүүгө жетишкен.

1916-жылы Кытайга качкан кыргыздар падышалык бийликтин кулаганын уккан соң мекенине кайта баштаган. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү жолдо каза болуп, 60 миңдин айланасындагы гана киши Кыргызстанга кайтып келет. Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитети кайтып келген келген кыргыздарды жазалоону токтоткон эмес.

Ошентип 1917-жылдын жаз жана жай айларынан баштап Кыргызстандын аймагында кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек элиталарынын башын бириктирген "Алаш", "Шуро-и-ислам" өңдүү алгачкы саясий партиялар түзүлө баштаган. Бирок, бул партиялардын саясий жашоосу көпкө узаган эмес. Тагыраак айтканда, "Шуро-и-ислам" партиясы 1918-жылы, "Алаш" партиясы 1920-жылы жоюлган.

Жергиликтүү лидерлер алгачкы аракеттеринин ийгиликсиз болуп калгандыгына карабастан, "Социал Туран" партиясынын жергиликтүү уюмдарын түзүү аракетин көрүшкөн. Бирок, партия толук кандуу түзүлүп, өз ишин баштай электе эле контрреволюциячыл уюм катары ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Дагы караңыз Басмачылык кыймылга укуктук баа: Кыргызстандагы көз караш

Мындан кийин деле бир топ аракеттер болуп, солчул эсерлер партиясы жана "Букара" союзу өңдүү саясий бирикмелер Убактылуу өкмөткө атайын талаптарды коюп чыгышканы менен бир дагы талаптары аткарылган эмес.

Ошентип, Кыргызстанда 1917-жылдын февралынан октябрга чейин саясий кырдаал курч бойдон калып, 25-октябрда (7-ноябрь) большевиктер партиясы менен Аскердик революциячыл комитет Убактылуу өкмөттү кулаткан. Совет бийлиги акырындык менен Кыргызстандын бардык аймагында орноп баштайт.

Октябрь революциясынын натыйжасында бийликтен кулатылган мурдагы Убактылуу өкмөттүн тарапташтарынын жаңы түзүлгөн Совет бийлигине куралдуу каршылык көрсөтүүсү бүтүндөй Орусиянын аймагына жайылды, анын ичинде Кыргызстанда дагы жарандык согуштун чыгышына алып келди. Ал 1918-жылдан башталып, 1920-жылдын аягына чейин созулган.

Фергана өрөөнүндө жана Кыргызстандын түштүк аймагында "басмачылар" деген ат менен белгилүү топторго каршы согуш жүргөн. Чынында совет бийлигинин жергиликтүү элге карата акыйкатсыз жүргүзгөн саясатына каршы чыккан лидерлерине “басмачылар” деген ярлык тагылып, алардын аракеттерин реакциячыл мүнөздөгү кыймыл катары тарыхта бир жактуу туура эмес баа берип коюшкан.

Алардын пикиринде, “басмачылар” деген категорияга байларды, дин өкүлдөрүн жана башка социалдык топторду кошуп, дин кызматкерлери аларды идеялык жактан колдоп, динди беттерине кармашып, совет бийлигине каршы карапайым элдин баштарын айлантышкан жана аларды империалисттик мамлекеттер, өзгөчө Англия ар тараптан колдогон деп эсептешкен.Англияга окшогон империалисттик мамлекеттер "пантүркизм" жана "панисламизм" идеяларын дагы пайдаланышкан деп ойлошот.

Аларга карапайым, эмгекчи элдерди, айыл-кыштактарды талап-тоношкон, өрттөп жок кылышкан, күнөөсү жок адамдарды, жумушчуларды өлтүрүшкөн, мамлекеттик ишканаларды талкалап, өрттөшкөн деген жана башка айыптоолорду коюшкан. Алар өзгөчө контрреволюциячылар болгон деп эсептешип, аёосуз куугунтукка алышып, аларга каршы ачык эле согуш жарыялашкан.

70 жылдай советтик тарыхнаамада биз аларды "басмачылар" деп окуп, "басмачылар" деп таанып, алардын урпактарын жек көрүп келдик. Кыргызстан эгемендүү болгонунуна 30 жылга чукулдап калса дагы, кыргыз тарыхынын актай барактарын, күңгөй жана тескей жактарын Орусиядан же башка коңшу мамлекеттерден жалтаңдабай өз алдынча иликтей албай келебиз. “Басмачылык кыймылы” аталган бул чоң тарыхый окуяга ар кандай көз карашта баа берип жүрөбүз.

Фергана өрөөнүндөгү совет кошуундарына каршы аракет кылган корбашылар:

Алай өрөөнүнөн:

  • Нурмат миңбашы
  • Хамракул (Нурмат миңбашынын паңсаты)
  • Манас
  • Хакимбек
  • Корабай Туксабо
  • Молдо Шади.

Айтмерек корбашы Өзгөндө өлтүрүлгөн. 29-июнь, 1932-жыл.

Ош уездинен:

  • Аскар (Мойдунбектин, көбүрөөк Жолчунун паңсаты)
  • Бобожон жүзбашы
  • Кулдош (Колдош, Б.Ж.)
  • Йулбарс (Жолборс, Б.Ж.)
  • Даврон (Шермухаммадбектин корбашысы)
  • Пулат (Ахмад палвандын паңсаты).

Аман палван Мавлянкулов.

Рахманкул корбашы, 1922-жылы атууга кеткен.

Наманган районунан:

  1. Дадабой лашкарбашы
  2. Ак Молдо (Баястандын санаалашы)
  3. Шосалим жүзбашы
  4. Туйчи палван
  5. Шойидбек паңсат
  6. Курбон Али
  7. Тухта Назар
  8. Сүйүнбек жүзбашы
  9. Бутабек
  10. Усмонбек (Баястандын жүзбашысы)
  11. Рахмонбек жүзбашы
  12. Кодиркул
  13. Хожибой жүзбашы
  14. Парпи молдо
  15. Абдукосим
  16. Марал жүзбашы
  17. Журабек
  18. Ирисбой жүзбашы
  19. Ахмадбек паңсат (Ёкуббектин санаалашы
  20. Ёкуббек (камакка алынган)
  21. Бойтуман ажы (лашкарбашы)
  22. Худойберди (Дадабойдин тууганы)
  23. Абдугафур
  24. Абдурахмон молдо
  25. Бокижон
  26. Эшмат Бойватча
  27. Ахмаджон (Дадабойдын жүзбашысы)
  28. Абдукарим
  29. Дадабой миңбашы
  30. Козокбай миңбашы
  31. Тухли паңсат
  32. Худойберген жүзбашы
  33. Хужам Берди
  34. Абдулла жүзбашы
  35. Ахмад Али молдо
  36. Султан (Баястандын санаалашы).
  37. Баястан Амир-лашкарбашы.
  38. Турду Али (Баястандын паңсаты)
  39. Отахон паңсат
  40. Юсуфбой жүзбашы
  41. Абдулла (Бойтумандын жүзбашысы)
  42. Дада Мирза
  43. Мамажон
  44. Мирзокул
  45. Ирисбой (Бойтумандын жүзбашысы)
  46. Жура Дардак (Аман палвандын үзөңгүлөшү)

Төмөнкү сүрөттө 2 саны менен көрсөтүлгөн Атантаев Сатылган, 1 саны менен Насырхан төрө.

Сатылган тууралуу маалымат:

Атантаев Сатылган 56 жашта, Кызыл-Жар районунун Караван айылынын жашоочусу, улуту кыргыз. Кыргыз АССРнын жараны, үй-бүлөлүү, билимдүү, бай-манап, жер-суу реформасы учурунда мал-мүлкү конфискацияланган, соттолгон эмес, төмөнкү кылмыштар (күнөөлөрү) үчүн айыпталган:

1) 1928-жылдын күзүндө Насырхан төрө жетекчилигиндеги басмачылар кыймылына кошулган, сентябрь-октябрь айларында аймакты жакшы билгендиги үчүн басмачыларды кызыл аскерлердин бир канча соккуларынан сактап калган.

Насырхан төрө.

2) 1929-жылдын октябрь айында басмачылар жеңилген соң, Насырхан төрө менен чогуу жашыруун жолдор менен совет бийлигин кулатуу максатында козголоңчулар тобун түзүүгө активдүү катышкан.

3) 1930-жылдын 2-июнунда Каратог (Кара Тоо) аймагында кызыл аскерлердин бөлүктөрү менен болгон салгылашууга катышып, жарадар болгон корбашы Истамбекти алып чыккан. Аны куугунчулардан куткарып, жашырып калган.

Мына ушул иштери үчүн Өзбек ССРнин кылмыш-жаза кодексинин 58-67-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кармалып, соттолгон. Күнөөсүн мойнуна алган.

Насырхан төрө менен чогуу 18 адамдын ичинде атууга өкүм чыгарылган.

Өзбек ССРнин аймагында басмачы деген ат менен белгилүү болгон кыргыздар:

1. Балтабай Орозалиев, 50 жашта, Наманган районунун Кызырават айылынан, кыргыз, Өзбек ССРнин жараны, бай-дыйкан, табыптык кылган. Үй-бүлөлүү, сабатсыз, мурда соттолгон эмес.

2. Эсенбай Оразалиев, 49 жашта, Наманган районунун Кызылрават айылынан, кыргыз, Өзбек ССРнин жараны, алты жыл имамдык кылган. Акыркы убактарда дыйканчылык менен алектенген, бай, үй-бүлөлүү, сабаттуу, соттолгон эмес.

Басмачылардын жардамчысы катарында Насырхан төрө жана Истамбектин кылмыш иштерин билген. Алардын куугунтуктоолордон качышына жардам берген.

Балтабай жана Эсенбай Орозалиевдер Өзбек ССРнин Кылмыш-жаза кодексинин 14/78-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш иштерине байланыштуу айыпталып камакка алынган.

3. Абдуганы Садыкбаев, 24 жашта, Наманган районунун Кокумбай айылынан, кыргыз, Өзбек ССРнин жараны, үйлөнгөн, байдын уулу, атасынын чарбасында иштеген, мурда соттолгон эмес.

А). Насырхан төрө Истамбек менен жакын мамиледе болгон, Насырхан төрө аскердик тобу тарабынан аткарылган кедей Темирбаевге каршы жасалган террористтик актты даярдаган.

Б). Бир нече жолу Насырхан төрө жана Истамбекти жашыруу үчүн үйлөрүн берип, алардын өздөрүн тамак-аш, аттарын жем-чөп менен камсыздап турган.

Өзбек ССРнин кылмыш-жаза кодексинин 14/68, 14/78, РСФСРдин кылмыш-жаза кодексинин 17/58-2, 17/59-3-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып кармалган, өзүнүн жасаган кылмыш иштерин мойнуна алган.

Мендеги маалымат боюнча бул ысымы аталган боордошторубуздун кийинки тагдырлары тууралуу азырынча так маалымат жок. Колумда басмачылык, кулакка тартуу жана репрессия боюнча өзбек тилиндеги архивдик маалыматтар бар.

Гаип паңсаттын сөөгү ГПУнун короосунда, 1932-жылы урушта өлтүрүлгөн.

Кайсы басмачынын колунда канча жигити болгон?

Эргеш корбашынын - 18 000 (кээ бир маалыматтарда 20 000 - 24 000)

Мадаминбектин - 5000.

Шермухаммедбектин - 6000.

Калкожонун 3000 ден ашык.

Аман палвандын - 2500дөн ашык.

Парпинин - 3600.

Мойдунбектин - 4500.

Нурмухаммедбектин - 3900.

Жаныбектин - 5700.

Жогоруда аттары аталган 9 басмачынын жалпы 52 200 жигит болгон.

Рустам эшен – Кыргызстандагы басмачылыктын кыймылдарды уюштуруу үчүн 1928-жылы Көр-Шермат тарабынан Ооганстандан жөнөтүлгөн.

Басмачы деген ат менен белгилүү болгон лидерлердин кол алдындагы корбашылар:

Аман палвандын кол алдындагы корбашылар: Рахманкулбек, Йулдош Чортог, Сотиболди казы, Рус Мухаммадбек, Хожи Турабек, Байтуманбек.

Мухиддинбектин (Мойдунбек - Б.Ж.) кол алдындагы корбашылар: Жаңыбай Амин, Усманбекбашы, Бекир Мурод, Саркор ата, Молдо Сыдык, Нурмухаммад Бекбоши, Токто Мухаммадбек, Эрмухаммад Махдум, Мулла Хужабек, Ахмад Алибек, Аскарбек.

Жогорудагы маалыматтарды жакында эле жарык көргөн "Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары. Архивдик документтердин жана материалдардын жыйнагы" аттуу китебимде кеңири талдоого алдык. Басмачылык кыймылдын таралуу географиясын карасак, көпчүлүгү Кыргызстандын түштүк аймагында – Фергана өрөөнүндө болгон. Бирок ошону илимий жактан изилдеп, жеткиликтүү талдаганга жарамдуу эмгектер жокко эсе. Буга баа бериш үчүн терең изилдеш керек. Талдап, агын ак, карасын кара деген изилдөөлөр зарыл.

Жолдошбек Бөтөнөев, тарых илимдеринин кандидаты

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.