Жогорку Кеңеште Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуштаган депутаттар менен аны иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн жыйыны өттү.
Талкуу Конституциянын жаңы долбоору парламентте каралардын алдында уюштурулду.
Жыйын башында эле депутат Улукбек Ормонов былтыр ноябрь айында 80 депутат демилгечи болуп, кийин Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоорун өзгөртүүгө мүмкүнбү деген суроону кабыргасынан койду.
«Биздин сунушту ким карайт, кантип кабыл алынат? Эгерде кабыл алынбаса, сунуштарды кимге берип жатабыз? Конституциялык кеңешме ишин жыйынтыктаса, аларга эмне үчүн суроо берип атабыз? Конституциялык кеңешме даярдап келген долбоорду өзгөртүүгө бизде укук барбы же жокпу? Демек, биз өзгөртүү киргизсек болот экен. Эми долбоор кандай жол менен өтөт, 80 добуш менен же көпчүлүк добуш менен өтөбү ошону такташыбыз керек. Себеби, мен да соттор боюнча Кенжебек Сатымкуловичтин сунушун колдойм».
Жыйынга модератор болгон депутат Нурбек Алимбеков Конституциянын жаңы долбооруна депутаттар өзгөртүү киргизе алабы, эгерде оңдоп-түзөтүү киргизилсе, ал кандай жол менен болот деген суроого так жооп бере алган жок. Алимбеков долбоорду сунуштаган депутаттардын бири.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме ишин жыйынтыктаганын, эми мындан ары долбоорду өзгөртүү маселеси парламенттин колунда экенин так кесе айтты.
«Баш мыйзамдын долбоорунун демилгечиси 80ден ашык депутат – Жогорку Кеңеш десек болот. Биз болсо жумушчу топпуз. Конституциялык кеңешменин статусун карап, окуп чыктык. Биз кеңеш берүүчү жумушчу топ болуп жатабыз. Ачык талкуу өткөрүп, Конституциянын долбоорун парламентке тапшырдык. 27-февралда кеңешменин акыркы чогулушу болду. Анда ушул документке кеңешменин 68 мүчөсү кол койду. Ошону менен ишибизди токтоттук. Биздин эми аны өзгөртүүгө акыбыз жок. Эми алдыңарда турган долбоордун тагдыры депутаттардын колунда».
Ошентип, долбоорго өзгөртүү киргизилеби жана ал кантип ишке ашат деген суроо ачык бойдон калды.
Депутаттар Кенжебек Бокоев менен Мирлан Жээнчороев Конституциянын жаңы долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетине алып чыгардан мурун алымча-кошумча киргизүү зарыл экенин белгилешти.
Мыйзамдын жана Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, долбоор комитеттин талкуусуна сунушталгандан кийин ага эч кандай өзгөртүү киргизүүгө болбойт.
Депутат Бейшеналы Нурдинов ушундан улам Конституцияны өзгөртүүгө шашылбай, аны дагы талкуулаш керек деген пикири менен бөлүшүп, ушундай жол менен жаңы долбоор кабыл алынып калса кандай тобокелдиктер күтүп турганын эскертти.
«Конституцияны өзгөртүүнү азыр иштеп жаткан Баш мыйзамда кандай каралса, ошол негизде кабыл алуу керек. Биринчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карашыбыз керек. Экинчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карайлы. Үчүнчү окууга үч ай болсо, аны да аткаралы».
Ал эгерде Конституциянын жаңы долбоорун референдумга жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу чыгаруу керек болсо, анда шайлоону кийинкиге жылдыруу зарылдыгын айтты.
Эми Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун өзүнө келсек. Депутат Кожобек Рыспаев сунушталып жаткан жаңы долбоордо элдин пикири эске алынбай калганын айтып чыкты.
Депутат Конституциялык кеңешме 80 депутат демилгечи болгон долбоордун концепциясынан чыкпай жазылганын сындады. Ал президенттин бийлиги күчөтүлгөнү менен жоопкерчилик дагы эле аткаруу бийлигинде калганын колдогон жок.
«Силердин кеңешмени байкап отурдум. Мен ошол жерден Талант Мамытовдун кол коюп берген концепциясынан чыга албайсыңар дегенди уккан жокмун. Мен элдин үнү, мүдөөсү бул Конституцияда камтылган жок деп айтам. Биз силерге "жазып, сонун кылып алып келип бергиле" дедик. Депутаттар берген концепциядан чыга албасаңар өзүбүз эле иштеп чыкпайт белек? Анда эмнеге кеңешме түзүлдү? Сиз башында турдуңуз, коомчулукка ачык эле айтпайт белеңиз? «Эл, журт, биз - депутаттар жазып бергенден чыга албайбыз» десеңер биз айтып чыкмакпыз», - деди Рыспаев.
Депутаттын сынына Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жооп берди.
«Алгачкы күндөрдө ошол концепция боюнча ызы-чуу болдук. Талаш-тартыш чыкты. Ошол кезде бизде маселе туруп калды - «долбоорду ким жазды, авторун тапкыла, ошол ой-пикирин айтсын» дешти. Авторун таппай калдык. Концепция дегенди биз кандай түшүнөбүз? Бул негизги көз караштар. Негизги көз караштар кандай болгон? Бул президенттик башкаруу, адам укугун коргоо, курултайды киргизүү, бийликтин бутактарын так бөлүп берүү. Мына ошондон биз чыга алган жокпуз. Концепцияны биз ушундай түшүнөбүз, долбоордун структурасын өзгөрткөнгө акыбыз жок болчу», - деди Бөрүбашев.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Жогорку Кеңештин укуктары дээрлик азыр иштеп жаткан Конституциядагыдай эле экенин, керек болсо андан да кеңири укуктары берилген деп эсептейт.
Ал өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаалга президент жооптуу деп, эгерде өлкө башчы мыйзам бузса ага импичмент жарыялоо каралганын кошумчалады.
Депутат Евгения Строкова буга кошулбайт ал импичмент жөн гана элди алдоо экенин, аны жарыялоо болушунча татаалдашып калганын сындады. Строкованын пикирин дагы бир депутат Аида Касымалиева да колдоду.
Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Долбоорго ылайык, президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат.
Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.
Дагы бир депутат Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы долбоорунда өлкөнү башкаруу функциялары туура эмес бөлүштүрүлгөн деп эсептейт.
«Вице-президенттик кызмат, классикалык формасында, эгер мисалга Американы алсак, ал Сенаттын жетекчиси. Ал президентке теңтайлашкан адам. Силер өзүңөрдүн Конституцияңарда ал президент түзө турган администрацияга караштуу болорун жазыпсыңар. Ошол мамлекеттерде вице-президентти парламент кошо дайындайт. Сиздер көрсөткөн структура султан Сулаймандын диванына (диван - Осмон империясындагы султандардын кеңеш жыйыны) көбүрөөк окшоп калган».
Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында
Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.