Түйшүгү жеңил, акчасы арбын балык бизнеси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор айылынын тургуну Дөөлөтбек Алмазбеков бир нече жылдан бери форель багып келет. Ишкер жылына 60 тоннага жакын балык өстүрөт. Учурда форелдерди атайын фирмалар менен келишим түзүп чет өлкөгө сатат. Акыркы жылдары айыл жерлеринде балык чарбасын уюштуруп, иштин көзүн тапкандар арбыды. Ошол эле кезде жер, суу маселеси оңой менен чечилбей, балыкчыларды түйшүккө салууда.