Ысык-Көлгө киргендердин дене табы текшерилип жатат
Бул бекет аркылуу каттоосуна карабай, бардык жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилип, өткөрүлүп жатат.
Туристтик сезонго байланыштуу бардык жарандарды тоскоолдуксуз өткөрүү чечими Коронавируска каршы облустук жана республикалык ыкчам штаб тарабынан кабыл алынган.
Бекетте элдин дене табы гана текшерилет.
10-июлдан тартып Ысык-Көлдө облустун ичинде жана тышка каттаган маршруттук кичи автобустардын иштешине он күнгө чектөө киргизилген.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, Каракол шаардык автобекети он күн иштебейт, туристтик фирмалар менен келишими бар кичи автобустар гана каттай алат. Таксилер 70% гана толууга тийиш.
Жума намазга чогулууга да убактылуу тыюу салынган.
Көл жээгинде эс алуучулар башка жылдарга салыштырмалуу аз.
15-июлга карата Ысык-Көл облусунда 14 адамдан коронавирус табылды.
Ысык-Көл облусу боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 382ге жетти.