Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Литвадагы "Калиновский шеринесинде" чыгып сүйлөп, эл аралык коомчулукка өз өлкөсүнүн "адамзаттын кадыр-баркы үчүн тынчтык күрөшүн" колдогондугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди, бирок авторитардык лидер Александр Лукашенконун режимин кетирүү үчүн жүргүзүлүп жаткан күрөшкө Батыш иштиктүү жардамын мындан ары да көрсөтүшү керек, деп белгиледи.
22-мартта (дүйшөмбү күнү) Литва парламенти менен Беларус оппозициясынын бозгундагы жетекчиси Светлана Тихановскаянын кеңсеси биргелешип Вильнюс шаарында саясий шерине (форум) өткөрдү.
Бул шерине Беларус кириптер болгон учурдагы саясий кризистен чыгуу жолдору тууралуу талкуулады. Тихановская “Калиновский шеринеси” деп аталган бул жыйналышта чыгып сүйлөп: "Биз буга чейин алган жардамыбызга ыраазыбыз", – деди.
"Бардык тилектештик ишаарасы, диктатурага каршы бардык чектөөлөр, ар бир беларус качкынынын куткарылышы, беларустарды адам укуктарына ээ кылган ар бир иш-аракет – демократияга карай бир кадам да болсо жакындатып жатат", – деди ал.
Тихановская айым дагы эле бул күрөш үчүн Батыштын мындан аркы олуттуу көмөгү зарыл экендигин баса белгиледи.
Жыйында Балтика боюндагы үч өлкөнүн, Европа Парламентинин, Польша жана Чехиянын парламенттик тышкы байланыштар боюнча комитеттеринин башчыларынын баяндамалары угузулду.
Бул саясий шерине – Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) көзөмөлү астында Беларуста «эркин жана демократиялык шайлоолорду» өткөрүүгө жетишүү үчүн эмне чаралар көрүлүшү керек деген маселелер боюнча ар кыл идеялардын жайыты болуп калды.
Дагы караңыз Беларустун Тихановскаяны экстрадициялоо өтүнүчүн Литва четке какты
22-мартта Вильнюста Беларус оппозиция өкүлдөрү менен литвалык депутаттар жана башка укук коргоочулар биргелешип өткөргөн саясий шериненин Калиновскийдин ысымын алып жатышы – ыңкылапчы демократ, агартуучу Викентий Константин (Кастус) Семёнович Калиновскийдин (1838–1864) өлбөс-өчпөс бейнесине жана коомдук ишмердигине карата сый-урмат катары символдук зор мааниге ээ. Аны беларус, литва жана поляк элдери өздөрүнүн орток баатыры катары кадырлашат.
Шериненин алдында саясатчылар тобу Вильнюс шаарындагы Ликуш аянтына келип, бул жерде падышалык Орусиянын жазалоочулары тарабынан дарга асылган Викентий Константин (Кастус) Калиновскийдин арбагына таазим кылып, гүлдесте коюшту.
Бул окуя тууралуу Светлана Тихановская “Твиттердеги” барагында жарыялады.
Тасма. “Твиттерде” Светлана Тихановская жарыялаган тасмада Кастус Калиновский дарга асылган Лукиш аянтындагы гүлдесте коюу жөрөлгөсү чагылдырылган. Вильнюс, Литва. 2021-жылдын 22-марты.
“Бул күнү беларус, литва жана поляк баатыры Кастус Калиновский өлүм жазасына тартылган. @IngridaSimonyte, @VCmilyte, @ZygisPavilionis менен биргеликте Калиновский өлүм жазасына тартылган Лукишкес (Лукиш) аянтына келип, зулумдукка каршы тургандардын лидери болгону үчүн ага арнап гүлдесте койдук”, – деп Тихановская жазды.
2020-жылы 9-августта Беларуста өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары одоно бурмаланганы маалым болгондон кийин өлкөдө тынымсыз нааразылык чаралары уюштурулуп келет.
Өлкөдөгү демократиячыл калайык 1994-жылдан бери өлкөнү авторитардык ыкмада башкарып келе жаткан Лукашенконун пайдасына бурмаланган БШКнын расмий жыйынтыгын тааныбайбыз деп четке какты.
Европа Биримдиги, Америка Кошмо Штаттары жана башка Батыш өлкөлөрү Лукашенконун жеңишин алигиче тааныбай келишет.
Алар Лукашенконун режиминен оппозицияга каршы жазалоолорду дароо токтотууну, камактагыларды бошотууну жана жаңы эркин жана акыйкат шайлоону өткөрүүнү талап кылышууда.
Лукашенконун өкмөтү нааразылык чараларына катышкан 30 миңден ашуун кишини ар кыл мөөнөткө кармап, режимге кайчы пикирдегилерди аёосуз жазалап келүүдө.
АКШ, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр жана башка Батыш өлкөлөрү, ошондой эле Украина да Лукашенконун режиминин бир катар аткаминерлерине чектөө киргизишкен.
Латвиянын борбору Рига шаары быйыл өтө турган хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жападан-жалгыз конок ээси болуп калды. Бул чечимди Эл аралык хоккей федерациясы 2-февралда жарыялады. Минск шаары бул чемпионаттын конок ээлеринин бири болуу укугунан 18-январда ажыратылган.