Тоюлан. «Бийик» балдар тууралуу тасма

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарынын тургуну Самара Абдыкеримованын уулу Тоюланга үч жашында аутизм диагнозу коюлган. Абдыкеримова уулунун башка балдарга кошулбай, сүйлөбөй, өзүнчө болууну жактырганын байкап дарыгерге кайрылган.

Ошондо аутизмди дарылоого мүмкүн эместигин, бирок АВА терапиянын жардамы менен коомго аралаштырууга, өзүн-өзү тейлөөгө, тамга таанытып, окутууга болорун билген. Кыргызстан боюнча миңге жакын аутист бала бар. Бирок алардын саны алда канча көп. Диагнозду тастыктоочу балдар психиаторлору жетишсиз болгондуктан аймактарда дарт дээрлик аныкталбайт.
Бул тасмадан аутизм деген эмне, аутист баланы тарбиялаган ата-энелер кандай кыйынчылыкка дуушар болушат, өзгөчө балдарды социалдаштыруу үчүн кандай шарттар түзүлүшү керек деген суроолорго жооп таба аласыздар.