Балбан Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиону болду

Улукбек Жолдошбеков Азия чемпионатынын финалында. 23-февраль, 2020-ж. Нью-Дели, Индия. Сүрөт «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмуна таандык.

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков Индиянын Нью-Дели шаарында 23-февралда жыйынтыкталган күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Жолдошбеков 23-февралда эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, төрт беттеш өткөрдү. Алгач казак балбаны Нурболат Абдуалиевди (4:1), чейрек финалда ирандык Мажид Алмас Дастанды 4:2, жарым финалда индиялык Рахул Баласахебди (5:3) жеңип алды.

Алтын байге үчүн ал тажикстандык Мухамад Икрамов менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин бул мелдеште күрөштүн ушул эле түрүнөн 22-февралда кыргыз балбаны Арсалан Будажапов Азия чемпиону аталган. Ал эми балбандар Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) менен Исламбек Орозбеков (70 кг) коло медаль тагынышты.

Улукбек Жолдошбеков 24 жашта. Буга чейин эки жолу эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатынын коло байгесин тагынган (2016-жыл, 57 кг, Баңкок, 2018-жыл, 61 кг, Бишкек). 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасында эркин күрөштөн Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону болду.

18-февралда башталып, 23-февралда жыйынтыкталган күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатына 20га чукул мамлекеттен 270ке жакын балбан катышты. Кыргызстандан бул мелдешке 22 спортчу барган. Эркин күрөш боюнча байге алган кыргыз балбандарынан сырткары грек-рим күрөшү менен кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстандын энчисине үч күмүш, төрт коло байге буюрду. Грек-рим күрөшүнөн Азат Салидинов (87 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) күмүш байгеге татыса, коло байгелерди Руслан Царев (72 кг), Ринат Ильязов (77 кг) жана Роман Ким (130 кг) алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло медаль тагынды. (GT/ECh).