Баласына кыргызча ысым берген жапон келин

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыркы жылдары Кыргызстанга Жапониядан келгендер көбөйүүдө. Алар бир нече тармактарда эмгектенип, кыргыздардын жашоосу, маданиятын үйрөнүп келишет. "Азаттык" бул жолу Йокогамадан келген Котоми Асаяма менен маектешти.

36 жаштагы ишкер кыргыздардын ачык мүнөзүнө суктанарын, Каракол менен Бишкекте 11 жылдан бери жашай турганын билдирди. Котоми баласына эмне үчүн Канат деген ысым койгонун, туризмге кандай салым кошконун айтып берди.