"Баласын унуткан мигранттар бар". Айдайдын баяны

Айдай Адылбекова 15 жылдан бери социалдык кызматта иштеп келе жатат.

Айдай Адылбекова ар бир бала коопсуз, бакубат чөйрөдө, мээримге бөлөнүп өсүшүнө көз салган соцкызматкерлердин бири. Ал бүгүн бизге ата-энеси миграцияга кеткен балдардын жашоо-турмушу тууралуу айтып берди.

Эскертүү: балдардын сүрөттөрү алардын жакындарынын уруксаты менен жарыяланды жана аларды башка максатта колдонууга, көчүрүп алуууга болбойт!

Айдайдын баяны

Жалал-Абад шаарында социалдык кызматкер болуп иштеп жатканыма 10 жылдан ашты. 2010-жылы Жалал-Абад шаардык мэриясында эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмү ачылып, мен ошол кызматта иштеп калдым. 2011-жылы ал бөлүм Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүнө которулду. Мен аталган бөлүмдүн башчысы болуп дайындалып, ошондон бери балдар менен иштеп келем.

Айдай Адылбекова иш үстүндө.

Жылына эки жолу үймө-үй кыдырып, Жалал-Абад шаарында жашаган балдарды каттоого алабыз. “Кимдин ата-энеси миграцияда, бала кимдин колунда калган, кандай шартта жашайт" деп текшеребиз.

Мен жетектеген бөлүмдө беш социалдык кызматкер иштейт. Жалал-Абад шаарында 45 118 өспүрүм бар. Балдар көп болгондуктан алардын баарын каттоого алып, караганга үлгүрбөй калабыз. Быйыл жыл башынан бери Жалал-Абад шаары боюнча ата-энеси ички, тышкы миграцияда жүргөн 669 баланы каттоого алдык.

Каттоо башталганда “үй-бүлөнүн жашоо-шартын текшерүү” актысын түзөбүз. Ага үйдөгү балдар кандай шартта жашап жатканы жазылат.

Бала кандай жерде уктайт, курсагы ачпайбы, аны караган адамдын үйүндө тамак-аш жетиштүүбү, кийим-кечеси мезгил талабына жооп береби, бут кийими барбы, үй-бүлөнүн кирешеси кандай, ата-энеси миграцияда болсо айына канча акча которот, анысы балдарга жетеби деп баарын изилдеп, акт толтурабыз. Ошонун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пул чегерилет.

Айдай Адылбекова үймө үй кыдырып, балдардын жашоо-шартын текшерип жүрөт.

Андан сырткары турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөдөгү балдарды да аныктайбыз. Мигранттын баласы болобу, зордук-зомбулукка кабылган балдар болобу, ата-энесинин кароосу жок калганбы, негизи эле кандай кырдаал болбосун балдар кабылган көйгөйлөрдү аныктап чыгып, акт түзүп, балдарга жардам берүү жолдорун издейбиз.

Айдай Адылбекова Савриниса Калдыбаеванын үйүндө. Савриниса Калдыбаева төрт небересин карайт.

Жалал-Абад шаарында ата-энеси миграцияга кеткен балдардын көпчүлүгү чоң ата-чоң энесинин колунда калган. Биз азыр Савриниса Калдыбаеванын (сүрөттө солдо) үйүнө келдик. Ал Москва шаарында иштеп жүргөн уулунун төрт баласын карайт. Кичүү небереси Аминаны бир жарым жашынан бери багып жатат.

Айдай Адылбекова Савриниса Калдыбаеванын үйүндө.

Миграцияда жүргөн көпчүлүк ата-энелер Орусияда, Түркияда иштеп, балдарын жакшы мектептерде окутуп, үй салып, жашоо-шартын жакшыртканга аракет кылат. Жада калса бизде айына 5-6 миң сом төлөп, балдарын менчик мектептерде окуткан мигранттар бар. Аймакта 6 миң сом деле чоң акча да.

Бирок ошол эле маалда миграциянын балага тийгизген жаман таасирин да эске алуу керек. Анткени ар бир бала 18 жашка чыкканга чейин ата-эненин сүйүүсүнө, мээримине муктаж болот. Балага кийим, тамак-аш алып берип, окутканыбыз - бул камкордук гана. Бала физикалык, эмоционалдык жана психологиялык жактан толук кандуу адам болуп жетилиши үчүн ата-эненин мээрими, колдоосу, ишеничи биринчи орунда турат. Эгер бала жылуулукту үйдөн албаса, аны көчөдөн издейт. Мындай учурда ар кандай адамдардын шыкагы менен кылмышка барып, жаман жолго түшүп кетиши мүмкүн. Миграциянын балдарга тийгизген эң жаман таасири ушул.

Айдай Адылбекова Айнура Шабданованын үйүнө келди. Айнура Шабданова кызынын эки баласын карайт.

Айнура Шабданова үч небересин жалгыз карап, чоңойтуп жатат. Эки небереси улуу кызынын балдары. 14 жаштагы Бектур (аты өзгөртүлдү) ортончу кызынын баласы. Ал жаңы төрөлгөндө апасы каза болуп, Айнура эже баккан. Башында Бектур басчу эмес, майыптыгы бар. Айнура эже аны арабага салып сүйрөп бизге келчү. Биз ага колдон келишинче колдоо көрсөттүк. Мамлекеттен болобу, бейөкмөт уюмдардан болобу жардам келген учурда сөзсүз Айнура эжеге каралашканга аракет кылабыз. Кийин небереси басып кетти, азыр кол аякка жарап калды. Буюрса анын мектепке барышына шарт түзөлү деп, түрдүү жолдорду издеп жатабыз.

Айдай Адылбекова Айнура Шабданованын неберелери менен.

Айнура эженин дагы бир кызы жалгыз бой эне. Ички миграцияда жүрөт.

Айнура Шабданова (сүрөттө оңдо) жана анын кошунасы (ортодо) жана небереси. Шабданованын кызы күн алыс балдарына акча салып, майрамдарда үйүнө келип турат.

Айнура эже неберелерин өтө жакшы көрөт. Алар эмнеге кызыгарын билет. Тун небереси сүрөттү жакшы тартат. Аны сүрөт жана башка ийримдерге, сынактарга катыштырат. Жакында эле ошол небереси мектептеги сынакта сүрөт тартып, жеңүүчү болду.

Айнура Шабданова неберелери менен чай үстүндө.

Миграциянын дагы бир жаман жагы - кээ бир ата-энелер балдарын эки жакка бөлүп, таштап кетет. Мисалы, төрт баласы болсо, улуусун чоң энесине, кичүү балдарын таенесине калтырат. Бул туура эмес, бирок айла жок. Мындай учурда биз балдарды бири-бирине бат-бат жолуктуруп, чогуу ойнотуп турууну сунуштайбыз. Анткени кичинекей балдар бир тууган экенин билип, бири-бирине боор тартып чоңоюшу керек.

Айнура Шабданованын кичүү небереси үйүнүн короосунда.

Айрым балдар кылмышка барышы мүмкүн. Өөз алдынча болгусу келген өспүрүмдөрдү тарбиялоо чоң ата-чоң эне үчүн оңой эмес. Ата-энеси миграцияда жүргөн балдар гана уурулук кылып, мушташат деген да жаңылыш ой. Ата-энеси кашында туруп деле кылмышка барган балдар бар. Андыктан ар бир балага жакындары көз салып, көңүл бурушу керек.

Жалал-Абад шаарынын дагы бир тургуну Урниса Макканбаева небереси Ариет менен. Урниса апа үч небересин карайт. Балдардын ата-энеси Орусияда.

Дагы бир көйгөй - балдардын ишке эрте тартылганы. Мындай учурда тыкыр иликтеп, үй-бүлөдө муктаждык болсо бала жеңил жумуштарда иштеши үчүн эмгек келишимин да түзүп беребиз.

Паспорт ала турган жашка келген айрым балдардын документтери жок болот. 16га толсо да күбөлүгү жок жүргөндөр бар. Айрыкча ата-энеси ажырашып кеткен балдар арасында ушундай көйгөйгө кабылгандар көп. Аларга биз убактылуу камкорчу дайындап, паспорт алууга жардам беребиз.

Урниса Макканбаева небереси Ариет бокс, футбол менен машыгат. Бул анын түрдүү мелдештерден уткан байгеси.

Миграциянын дагы бир жан кейиткен көйгөйү - айрым ата-энелердин дайынын таптырбай, балдарынан кабар албай кеткенин айтсак болот. Орусияга экөө тең иштегени барып, ажырашып кеткен түгөйлөр бар. Айрымдары жаңы үй-бүлө күтүп, бул жакта калган балдарын эстен чыгарып коюшат. Мындай ата-энелерди сот аркылуу чакыртууга туура келет. Ата-энелик милдетинен баш тартса, балдарды убактылуу камкорчуга же башка үй-бүлөгө асыроого беребиз. Анткени бала үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик алган киши болушу керек.

Урниса Макканбаева небереси Ариетти мектепке узатып жатат.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча да иш алып барабыз. Көбүнчө балдардын зордук-зомбулукка кабылган учурлары тууралуу бизге милиция кызматкерлери, кошуналары же мугалимдер кабарлашат.

Мисалы, кошуналар баланын ур-токмокко кабылган же ыйлаган учурлары көп катталып жатканын айтып кайрылышат. Мындай учурда балдар менен психологдор да иштейт. Тилекке каршы көп учурда баарына жетише албай калабыз.

Балдар менен иштеп жүрүп бир эле учурда эле психолог, укук коргоочу да болуп кетебиз (күлүп). Мен өзүм дагы энемин. Үч балам бар. Алар сыяктуу эле Кыргызстандагы ар бир бала коопсуз, камкор чөйрөдө жашаганын каалайм.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда жашы 18ге чыга элек 2 млн. 400 миңден ашык (2400 000) бала бар. 2022-жылдын биринчи кварталында министрлик ата-энеси миграцияда жүргөн 100 миңден ашуун баланы каттоого алган. Бирок бул көрсөткүч мындан алда канча көп экени айтылып келет.

Жалпы республика боюнча 198 социалдык кызматкер балдар менен иш алып барат. Жыл өткөн сайын социалдык кызматкерлерге суроо-талап өсүп жатат.

Фотобаян Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ тарабынан биргелешип каржыланган "Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбордук Азиядагы миграциядан жабыркаган балдарды коргоо" программасынын жардамы менен ишке ашырылды. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдиги жана ЮНИСЕФ​ уюмдарынын көз карашын чагылдырбайт.