Айыл кыдырып, массаж жасаган Бакытбек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдүн тургуну Бакытбек Жакиев машинеси менен айыл аралап, массаж жасайт. Үч жылдан бери бул кесипти аркалап келген жигитти Тоң районунда жакшы таанышат. Өзгөчө жай мезгилинде анын кардарлары арбыйт. Бакытбек пандемия бүтсө, Көлдү айланып иштөөнү жана шакирттерин көбөйтүүнү максат кылууда.