Кыргыз-Азери сейил багы: Бакудан Бишкекке белек

Кыргыз-Азербайжан достук сейил багын куруу маселеси 2018-жылы көтөрүлгөн. Бирок анын курулушу 2020-жылы январь айында башталган. 

Сейил бактын кире бериши. 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сейил бактын ачылыш аземинде. 

Илхам Алиевдин мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышты. Алгач тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуулар болду.

Эс алуу багынын кечки көрүнүшү. 

Эс алуу багы 2020-жылы Азербайжандын президентинин сапары учурунда ачылары айтылып, бирок октябрдагы бийлик алмашуудан улам анын иш сапары белгисиз мөөнөткө жылып кеткен эле. 

2022-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров Азербайжанга расмий сапары менен барып келген. 

Эс алуу багынын ортосундагы дубалга Азербайжандын жана Кыргызстандын картасы түшүрүлгөн. 

Эс алуу багынан сырткары Илхам Алиев Көк-Жар конушундагы жаңы мектептин жана Бишкек шаарындагы №20 гимназия мектебинин ачылышына катышты. Азери өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулган мектептерге Азербайжандын мурдагы жетекчиси Гейдар Алиев менен айтылуу акын Низами Гянжевинин ысымдары ыйгарылган.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда саясий-дипломатиялык мамиле болгону менен экономикалык кызматташтык жөнгө салына элек. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү жылына 100 миллион доллардын гана айланасында. Бишкек-Баку аба каттамын ачуу боюнча демилге 2010-жылдан бери көтөрүлүп, бирок жүзөгө ашпай келет.

Амфитеатр.

Балдар аянтчасы.

Жаңы балдар аянтчасында ойноп жаткан эне-бала. 

Эс алуу багы Байтик баатыр эс алуу багына катарлаш жайгашкан.