Экинчи деңгээлдеги санкциялар: "Бакай банк" Батышка үн катты

"Бакай банк" банкынын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы "Бакай банк" Борбор Азия өлкөлөрүнө киргизиле баштаган экинчи деңгээлдеги санкцияларга байланыштуу расмий билдирүү таратты.

Компания буга чейин Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды сактап келгенин, бирок бардык талапты аткаруу өтө оор болуп калганын кабарлады.

Банк Кыргызстан “эки оттун ортосунда калганын” белгилеп, Батыш өлкөлөрүн муну түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Өткөн аптада АКШ кыргызстандык бир ишкананы санкциялык тизмеге киргизген.

Биринчи үн каткан мекеме

"Бакай банк" өз кайрылуусун кардарларына гана эмес, Кыргызстандын жалпы жарандарына жана деги эле кырдаалды түшүнгүсү келгендердин баарына жолдогон. Тексттин ичинде Батыш өлкөлөрүнө, анын ичинде АКШнын бийлигине түздөн-түз кайрылган.

Мекеменин басма сөз кызматы Украинага кол салганы үчүн Орусияга салынган санкциялар тууралуу кеп кылып, аны Кыргызстандагы финансылык мекемелердин катарында “Бакай банк” да аткарып келгенин белгилейт. Аталган банк эми Москва менен тыгыз байланышкан Борбор Азия өлкөлөрүндөгү компанияларга экинчи деңгээлдеги санкциялар киргизиле баштаганына камтамачылыгын билдирет.

“Биз, “Бакай банк” ачык акционердик коому Орусиянын Украинага каршы аскерий агрессиясын колдобой тургандыгын белгилеп коюуну маанилүү деп эсептейбиз. Ошол эле маалда биз күн сайын эки негизги фактордун ортосунда жанчылып жатабыз. Бул чөлкөмдө иштеп жаткан бизнес катары антисогуштук санкциялар автоматтык түрдө бизге да тийүүдө. Кыргызстандын жана Орусиянын экономикасы ушунчалык тыгыз байланышта болгондуктан, эч кандай колдоосуз Орусиядан экономикалык жана товардык өз ара аракеттенүүдөн баш тартууну бизден талап кылуу өлкөнүн экономикасынын кыйрашына алып келе турган арзан популизм", – деп айтылат анда.

"Бакай банк" санкцияларды кокустан бузуп албаш үчүн эл аралык LexisNexis Risk Solutions компаниясынын авто-комплаенс-контроль системасын Кыргызстанда биринчилерден болуп киргизип, колдонуп жатканын маалымдайт. Баш кеңсеси АКШда жайгашкан бул компаниянын аталган инструменти санкциялык тизмеге кирген адамдарды жана уюмдарды автоматтык түрдө аныктап, чыгарып берип турат. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши, АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы (OFAC), Европа Биримдигинин Тышкы ишмердүүлүк боюнча кызматы (EEAS), Улуу Британиянын казначылыгы (HMT) жана башкалар киргизген тизменин баарын камтыйт.

Орусиянын “Мир” төлөм картасынын үлгүсү.

Кыргызстандык банк мындан сырткары Орусиянын “Мир” картасын тейлөөнү АКШнын Финансы министрлигинин эскертүүсүн алгандан кийин биринчилерден болуп токтотконун тактайт. Уюм ошондой эле эл аралык VISA карталарын орусиялык жарандарга эч качан аралыктан бербей турганын, Кыргызстанга келген релоканттарга болсо кардар өзү келген учурда гана карта берерин билдирет. Соңку аракетке VISA компаниясы жайгашкан АКШ тыюу салган эмес.

Кайрылуу тараткан финансылык компания ушуга карабай бир жылдан бери көп көйгөйлөргө туш болгонун кошумчалайт. Текстте алар былтыр Кыргызстанда чет элдик валюта тартыш болуп калган учурда мүмкүн болгон мыйзамдуу жолдор менен сырттан доллар ташып келишкени баяндалат. Тагыраагы дүң жеткирүүчүлөр аркылуу АКШнын Федералдык резервдер системасынан доллар алып, кырдаалдан араң чыгышкан экен.

“Теория жүзүндө, Кыргызстан чечкиндүү чечим кабыл алып, Кытайдан кийинки экинчи орунда турган ири экономикалык өнөктөшү менен соода байланыштарынын баарын чорт кесе үзүп салды деп элестетип көрөлү. Анда эмне болот? Кыргызстандын экономикасы саналуу күндөрдө, ашып кетсе бир аптада кыйрап калат. Баалар кескин өсүп, доллардын баасы көзөмөлсүз кетет жана гиперинфляция болот. Кыргызстандын экономикасынын локомотиви – ири жана орто бизнестин көпчүлүк бөлүгү жабылып калат, миңдеген кыргызстандыктар заматта жумуштан кол жууйт жана нан таба албай калат. Мамлекет пайда болгон боштукту толтура албайт, анткени бизнес да чалынат жана өлкө олчойгон карызга батат. Социалдык көйгөйлөр болуп көрбөгөндөй жарылат, анын ичинде кылмыштуулук жана башка көрүнүштөр кескин өсүп кетет”.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга көп экспорттолуп жаткан товарларды чагылдырган коллаж.

Мына ушундай позицияларын келтирген "Бакай банк" учурдагы жагдайын “эки оттун ортосунда калган” абал менен окшоштурат. Мекеме алар Кыргызстандагы америкалык соода палатасынын мүчөсү катары Американын өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууларга катышканын, бирок Батыш өлкөлөрүн түздөн-түз кураторлук кылуу өтүнүчү ачык калганын билдирет. Ага карабай банк жамааттык Батыштын санкциялык талаптарын толук аткарып жатканын белгилейт.

Иш жүзүндө муну менен "Бакай банк" Орусияга салынган санкциялар жана экинчи деңгээлдеги санкцияларга байланыштуу Кыргызстандагы биринчи үн каткан компания болуп калды. Буга чейин айрым ишканалар учкай гана билдирүү берип келсе, бул ирет аталган финансылык мекеме өз жагдайын ачык түшүндүрдү.

Санкциялар жана Кыргызстан

Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ Орусияга каршы санкцияларын тогуз-он жыл мурда сала баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Бул чаралардын көбү финансылык чектөөлөр.

Орусия ортодо андай чаралардан буйтап, товар жүгүртүүсүн өнөктөш өлкөлөр, көбүнчө Борбор Азиядагы өлкөлөр аркылуу жүргүзө баштаган. Орус жарандары да Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан же Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттерге өтүп, өздөрүндө ала албаган банк карталарын ошол жактан алып жаткан. Орусияга евро же доллар банкнотторун ташып келүүгө тыюу салынганы үчүн алар чет элдик валюталарды да ушул өлкөлөрдөн сатып алып турушту.

Мына ушундан улам Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин, АКШнын, Улуу Британиянын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияга санкцияларды буйтоого жардам берип жаткан өлкөлөргө да санкция салууну демилгелешкен. Алар Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга бир нече жолу эскертүү берген.

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга жана башка финансылык компанияларга санкциялар боюнча жалпы маалымат берип, алардын санкцияга туш болбошу үчүн аракет көрөрүн билдирип келген.

“Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирине бөгөт коюу жана банктык корреспонденттик мамилелердин токтоп калуу тобокелдиктерине жол бербөө максатында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Атап айтканда, Улуттук банк туруктуу негизде коммерциялык банктарга санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири жөнүндө маалымдап турат жана санкцияларга жол бербөө максатында коммерциялык банктарга OFAC, Европа Биримдигинин санкциялык тизмегине кирген товарлар жана жактар менен операцияларды көзөмөлдү күчөтүү жана аларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууну сунуштайт. Мындан тышкары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында комплаенс-тобокелдикке дуушар болуу деңгээлин аныктоо максатында, коммерциялык банктар банктардын ишине олуттуу таасирин тийгизген чет мамлекеттердин мыйзамдарын сактоо боюнча ченемдер каралган, ага ылайык банктар кардарды тейлөөдө превентивдүү чараларды көрүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн өз ишинде OFAC жана ЕБнын санкциялык тизмектерин өз алдынча пайдаланат”, - деп билдирди Улуттук банктын басма сөз кызматы “Азаттыкка”.

Дагы караңыз Токмоктогу компания АКШнын санкциясына илинди

Деген менен майдын ортолорунда АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген учурда Армениянын бир жана Кыргызстандан бир ишканасына санкция салды. АКШнын Каржы министрлиги расмий жарыялаган документинде Кыргызстандын “Тро, Я” компаниясы (АКШнын документинде Tro.Ya, LLC деп турат-ред.) санкцияга илингени айтылды. Документте аталган компания Чүйдүн Токмок шаарында жайгашканы жазылган.

Финансист Бакыт Сатыбеков Орусия менен карым-катыш кылып жаткан башка кыргыз компаниялары да коркунучка кептелди деп эсептейт:

Бакыт Сатыбеков

“Бир компанияга санкция салуу менен алар башка компанияларга да эскертүү беришти. Менимче бул башталышы гана. Мындан ары да конкреттүү компанияларга, конкреттүү адамдарга санкция салынат. Батыш биздин банк мекемелерине да чараларды колдонор-колдонбосун болжоо кыйыныраак, бирок ал да ыктымал. Ушунча эскертүү беришкен соң ага да жетишет го деп ойлойм”.

Орусиянын “Мир” картасы боюнча кардарларды тейлөөнү Кыргызстандагы банктардын теңинен көбү расмий токтоткон. “Бакай банктан” башка банктар мунун себебин кезинде “техникалык себептен улам” деп түшүндүрүшкөн. Бирок реалдуулукта баары эле АКШнын эскертүүсүнөн кийин токтоткону белгилүү болуп турат.

Эл аралык бизнес-укук магистранты Акылбек Жусупов Кыргызстандагы банктар талаптарды бузбаса, коркпой иштей берсе болорун белгилейт:

Акылбек Жусупов

“Биринчиден, санкциялардын тизмеги кечээ жакында чыккан жок да, алар 2014-жылдан бери келе жатат. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Европа Биримдиги, АКШ жана башка өлкөлөр ага каршы санкция салышкан. Былтыртан баштап бул ченемдик-укуктук актылардын саны, андан соң санкция салынган жеке жана юридикалык жактардын саны көбөйдү. Муну менен катар аткарыла турган операциялардын саны өстү. Экинчиден, ошол эле чаралар баарына тиешелүү эмес. Сиз ошол санкция салган өлкөлөрдө катталсаңыз, ошол өлкөлөрдүн жараны болсоңуз же башка жакта катталып, бирок Европа, АКШ менен иш алып барсаңыз, анда санкция сизге тиешеси болот. Кыргыз банктары Кыргызстанда эле иш алып барса, санкциялар аларды анча камтыбаш керек. 2014-жылдан бери биздин банктар кадимки шартта эле иштеп келатпайбы. Кыргызстандын банктары санкциялык тизмеде турган орусиялык банктар менен иштеп жатпайбы, ошого карабастан аларды “кара тизмеге” киргизген жок. Санкцияга илешпеш үчүн эң башкысы ошол санкцияларда жазылган операцияларды жасабаш керек, тыюу салынган товарларды жөнөтүүгө аралашпаш керек. Тизмеге кирген юридикалык жактардын же адамдардын активдерин алып-сатууга аралашып, аларга бирдеме алып-сатып берсе, баалуу кагаздарын иштетсе, же ушундай аракеттерге барса гана коркунуч бар. Эгерде толук мыйзамдуу иштесе кооптонууга негиз жок”.

Учурда Кыргызстанда 23 банк бар. Мындан сырткары өлкөдө тогуз микрофинансылык компания, 87 микрокредиттик компания жана 34 микрокредиттик агенттик иштейт.

Эскертүүлөр жана өкмөттүн позициясы

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан да Бишкекке келип, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товар сатуу 300% чейин өскөнүн, санкцияны колдобогон өлкөлөр Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө көмөктөшпөшү керектигин басма сөз жыйынында айткан.

Апрелде санкцияларга байланыштуу Кыргызстанга АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод да келген. Ошол эле күндөрү Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид иш сапары менен Бишкекте болгон. Алар ишкерлер жана өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкекке Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөнү эскерткен.

Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл 18-майда Бишкекке келип, бир күндөн кийин журналисттер менен жолукту. Алар жыйында Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырганын билдирди.

Алисия Кернс ортодо. 19-май, 2023-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

“Тогуз түрдүү товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга экспорт кылбоого чакырабыз. Анткени булардын ичинде көп адамдын өлүмүнө себеп болгон товарлар болушу мүмкүн. Батыш муну тыкыр көзөмөлдөйт. Биз бул тууралуу Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө да айттык, алар мунун кесепетин жакшы билет, туура кабыл алышты”, – деген Алисия Кернс кийин Бишкекте журналисттер менен жолуккан учурда.

Британиянын өкүлү журналисттердин суроолоруна жооп бергени менен сөз болуп жаткан тогуз товардын ичине эмнелер кирерин так айткан жок. Бирок адистер анын ичинде аскердик тармакка тиешелүү товарлар болушу мүмкүн деп болжошкон.

Кыргызстандын бийлиги Батыштын, анын ичинде АКШнын ыктымал санкцияларына байланыштуу билдирүүлөрдөн дээрлик карманып келет. Бирок 15-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда жүргөн учурда бул боюнча азыноолак комментарий берген.

Министр Орусиянын “Россия-1” телеканалынын “Москва. Кремль. Путин” программасынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан өзүнүн эрежелерин сактай турганын айткан.

Жээнбек Кулубаев

“Ооба, Батыштагы биздин өнөктөштөрүбүз мүмкүн болуучу санкциялар тууралуу айтып жатышат. Бирок биз өзүбүздүн эрежелерибизди сактайбыз жана мен эч кандай көйгөйлөрдү көрбөй турам”, – деди Жээнбек Кулубаев анда.

Батыш өлкөлөрү Кыргызстандан сырткары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү компанияларга да санкция салып жатат. Маселен, АКШ Өзбекстандын Promcomplektlogistic ишканасын Орусияга микросхемаларды жеткиргени үчүн санкциялык тизмеге киргизген. Быйыл болсо орусиялык өзбек тектүү ишкер Алишер Усмановго байланыштуу Өзбекстандагы Akkermann Cement CA, “Ахангаранцемент”, “Металлоинвест”, USM Telecom жана “Мегафон” компанияларына санкция салган.

Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда кайсы бир компаниялар Батыштын санкциялык тизмесине кирип калышы мүмкүндүгү көп жолу айтылган. Бирок реалдуу кайсы бир компаниялар “кара тизмеге” киргизилгени кабарлана элек.