Бакай: Аруузаттын оорусу менен жалпы эл күрөштү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кымбат дарыга муктаж болгон үч жаштагы Аруузат Ташматовага каражат толугу менен чогулуп бүттү. Ал сейрек кездешүүчү генетикалык ооруга чалдыккан. Аруузатка керектүү дарынын баасы 2 млн. 300 миң долларды түзгөн. Каражат чогултуу дээрлик эки жылга созулду. Аруузаттын атасы Бакай Ташматов акча чогултуудагы кыйынчылыктар жана кызынын азыркы абалы тууралуу айтып берди.