Саймаитинин иши, бажынын маалыматы

Айеркен Саймаити

Стамбулда киши колдуу болгон уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны уланды.

Депутаттык комиссиянын бул жолку жыйынына Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, прокуратуранын жана Кытай менен соода жүгүрткөн логистикалык борбордун өкүлү маалымат берди.

Депкомиссия Бажы башчысынын маалымат укту

Жыйындын жүрүшүндө көпчүлүк суроолор Бажы кызматынын башчысына жолдонду. Торутаевге карата мындай кызыгуунун түшүндүрмөсү жөнөкөй эле. Анткени «Азаттык» жана анын өнөктөштөрү жарыялаган журналисттик иликтөөдөгү схемалардын баары бажы аркылуу ишке ашып турганы айтылган.

Алтынбек Торутаев журналисттик иликтөөдөгү схемалар чындыкка коошпойт деп билдирүүдө. Анын айтымында, Кытай менен соода жүгүртүүдө коомчулуктун күмөнүн жараткан көп маселе Кыргызстан менен бул өлкөнүн экспорт-импортун эсептөөдөгү эки башка ыкманы колдонгонунда болууда.

Башкы бажычынын маалыматы боюнча, эсептеги айырма 3 миллиард 600 миллион долларды түзөт. Маселен, Бажы кызматы былтыр Кытайдан Кыргызстанга 1 миллиард 942 миллион доллардан ашык товар импорттолгон деп санаган.


Ал эми Кытайдын эсебинде Кыргызстанга 5,5 миллиард доллардан ашык товар жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн. Бирок депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн Торутаевдин мындай маалыматы толук ынандырган жок көрүнөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев буларды белгиледи:

Аалы Карашев

«Эл арасында эң күмөн санаткан маселелердин бири ушул. Мисалы, чек арага кымбат баалуу телефон же тиричилик буюмдары келет. Булардан эң жогорку бажы төлөмдөрү алынышы керек. Бирок киргенде көлөч кирди же кездеме кирди деп арзан төлөм алынчу товар катары каттап коёт деген күмөн көп. Ушул тобокелдикке канчалык жол берилет?».

Торутаев мындай кемчиликти моюнуна алып, бирок былтыртан баштап бажы бекеттеринде электрондук туташ көзөмөл орнотулганын билдирди:

«Андай маселе бар, жок деп айта албайбыз. Бир күндө Кытайдан жүк жүктөлгөн 150 машине келет. Бир машинени толугу менен текшерип чыгыш үчүн төрт саат убакыт кетет. Бажы кызматы азыркы мүмкүнчүлүк менен 10 машинени гана текшере алат. Бирок былтыр ноябрдан тарта бажы бекеттеринде электрондук текшерүү системасы ишке киргизилди. Эми толугу менен текшере баштадык».

Анткен менен «Электрондук көзөмөл орнотулганга чейинки жылдарда мындай коррупциялык көрүнүштөр орун алганбы?» деген суроо жоопсуз калды. Журналисттик иликтөөдө дал ушул 2011-2017-жылдар аралыгындагы коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө сөз болгон.

Мындан соң депутаттык комиссия мүчөлөрүнө Башкы прокуратуранын өкүлү Кумарбек Байдылдаев маалымат берди. Анын айтымында, журналисттик иликтөөдө айтылгандай, Айеркен Саймаити жана жубайы 2010-жылдан баштап Кыргызстандан 932 миллион доллардай сыртка каражат которушкан:

«Жалпысынан Саймаити 3485 транзакция кылган. Толтурган суммасы боюнча Айеркен Саймаити боюнча 592 миллион 495 миң 627 доллар, «Абдраз» фирмасы аркылуу 318 миллион 877 миң 249 доллар, Вуфули Бумаилиаму аркылуу 26 миллион 434 миң 403 доллар болгон».

Дагы караңыз Мүлккө которулган күмөндүү миллиондор

Дал ушунча каражат сыртка которулганга чейин көзөмөлгө албай, тиешелүү салыкты талап кылбай жүргөн мамлекеттик органдарды депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн сынга алышты. Маселен, комиссиянын төрагасы Талант Мамытов бул схеманы калкалап жүргөндөрдү аныктоо зарылдыгын айтты:

«Бул жерде эмне себептен 2011-жылдан 2017-жылга чейин акча которулуп жаткан учурда чара көрүлгөн эмес деген адилеттүү суроо туулат. Эмне себептен 2019-жылы гана көңүл бурулуп, 6 миллиард сом салык алынышы керек деп эсептелип жатат? Буга чейин Улуттук банк Финансылык чалгын кызматына маалымат берсе да көңүл бурулган эмес. Ушул суроолордун баарына жооп болушу керек».

Башкы прокуратуранын өкүлү журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар, Саймаитиге буга чейинки кол салуу, ага мыйзамсыз берилген паспорт боюнча кылмыш иши тергелип жатканын билдирди.

Ал эми Түркияда Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишке оор кылмыш катары жашыруун деген гриф коюлганын жана ал боюнча маалымат алуу аракети болуп жатканын прокуратура өкүлү кошумчалады.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Дагы караңыз Саймаитинин иши: күмөн санаткан комиссия

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экени айтылган. Мындан соң парламентте бул маселе көтөрүлүп, депутаттык комиссия түзүлгөн. Буга чейинки жыйында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, УКМКнын өкүлдөрү, «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси катышып, маалымат берген.

Ал учурда журналисттик иликтөөнүн «негизги каарманы» Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду чакыруу, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Али Токтакуновдон видео байланыш аркылуу маалымат угуу сунушталган. Бул жолу Матраимов менен Токтакунов качан маалымат берери айтылган жок. Бирок кийинки жыйында парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Искендер Матраимов комиссия мүчөлөрүнүн суроосуна жооп бермей болушту.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​