Уулу каза болгондон кийин тагдыры таптакыр өзгөргөн аял Апрель окуясын башкаруучулар унутпаса деген тилекте. Анын учурдагы турмушу менен "Азаттык" таанышып кайтты.
"Бага турган уулумдан айрылгам". Эне жүрөгүнө так салган 7-апрель
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолор учурундагы бийликтин огунан Таластын тургуну Күмүшай Бокотонованын уулу да каза болгон. Андан бери Бокотонова жолдошу жана дагы бир уулунан ажырап, неберелери менен күн кечирүүдө.