Ажырашкандан кийин аялды аңдыба

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эмнеге кыргыз коомунда ажырашкандан кийин дагы мурдагы түгөйүнө тынчтык бербей, кек сактап, кол салып же таарынычын балдардан чыгарган окуялар кездешет. Бул биздин коомдун билим жана тарбиядан өксүп жатканынан кабар береби? Же диний, салттык же башка түшүнүктөр себеппи? Биз бүгүн ушул маселени психолог, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман менен талкуулаганга аракет кылабыз.