Азербайжан: "Эркин ой" университети жабылды

Азербайжанда “Эркин ой” (Azad Fikir Universiteti – AFU ) деп аталган университеттин иши Башкы прокуратура тарабынан токтотулду. Демократиялык баалуулуктарды колдоо багытында иш алып барган бул окуу жайдын жабылышы быйылкы президенттик шайлоону утурлай Азербайжанда оппозиция активисттерин кысмактоо күчөгөн учурга туш келди.
Бакудагы “Эркин ой” (Azad Fikir Universiteti – AFU) уинверситетинин кеңселери ушул бейшембиде капыстан эле мөөр басылып, жабылган. Азери Башкы прокуратурасынын бул иш-чараны жүргүзгөн расмий өкүлдөрү кандайдыр бир түшүндүрмө беришкен эмес.

Кеңселери жабылганына байланыштуу университет жетекчилиги бардык лекцияларды токтотууга аргасыз болушту. Бул тууралуу алар дароо эле университеттин “Facebook” баракчасында жарыялашты.

Окуу жайдын лекцияларына катышып жүргөн Парвиз Азимов “Азаттыктын” азери кызматы менен маегинде:

- “Эркин ойдун” жабылышы менен Азербайжанда жигердүү жаштардын саны азаят. Цивилизациялуу активдүүлүктүн деңгээли төмөндөйт. Күрөштү цивилизациялык жол менен илим-билимдүү адам жүргүзгөнү менен ал күрөш примитивдүү ыкмаларга өтүп кеткени ортосунда чоң айырма бар. Биз буга өкүнөбүз.

“Эркин ой” университети Бакуда 2009-жылдан тарта бейөкмөт уюм форматында иштей баштаган эле. Окуу жайдын миссиясы катары азербайжандык жаштарды интерактивдик лекциялар жана тегерек столдор аркылуу “демократиялык баалуулуктарга” үйрөтүү саналган.

Университетти каржылык жактан АКШ жана Улуу Британия элчиликтери, башка эл аралык уюмдар колдошчу.

Шайлоо алды

Демократияны колдогон университеттин жабылышы Азербайжанда акыркы айларда жаш активисттерди кысмактоо күчөгөн учурга туш келди.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюму ушул айдын башындагы билдирүүсүндө азери бийликтерин жаш активисттердин добушун өчүрүүнү көздөгөнү, аларга каршы наркозат алып жүргөн деген жалган айыптар да коюлуп жатканы үчүн сындаган.

Маселен март айында эле “Нида” деген коомдук уюмдун жети активисти наркозат жана куралды мыйзамсыз алып жүргөн деген айып менен камалышты.


Полиция жаш активисттердин демонстрациясын таратууда. Баку, 26-январь, 2013-жыл.

Акыркы айларда камоолорго, айыппулдарга "Азербайжан Элдик майданы" оппозициячыл партиясынын активисттери да кириптер болушкан.

Бул окуялар Азербайжандагы быйылкы президенттик шайлоону утурлай өтүп жатат.

Бакулук саясат таануучу Зардушт Ализаде “Азаттык” менен маегинде бийликтин шайлоо алдындагы даярдыгы бир нече багытта көрүлүп жатканын белгиледи:


- Биринчиден, эркин маалыматтын бардык булактарын жаап жатышат. Экинчиден, шайлоо дистанциясынан күчтүү талапкерлерди чыгарышууда. Жаш активисттер болсо бийлик үчүн эркин ойлонгону, эмнени ойлошсо ошону айтышканы, расмий калпка скептикалык мамиле жасашканы менен опурталдуу. Башкалардай болуп коркушпайт. Иши кылып азыр башкы талапкер кийинки мөөнөткө көйгөйсүз шайлануусу үчүн талааны тазалап жатышат. Бирок бул аракеттер менен биздин президент өзүнүн болочок шайлоодогу легитимдүүлүгүнөн күмөн санатууда. Анткени шайлоо бир аз да болсо адилет өтүшү абзел. Ал эми келечектеги жеңишиңди таза эмес жолдор менен камсыз кылсаң, албетте алсыз президент болосуң.

Азербайжанда быйыл февралда РЕАЛ аттуу кыймылдын лидери Иьлгар Мамедов камакка алынган. Ал учурда “коомдук тартипти бузган аракеттерди” уюштурган деген айып менен камакта олтурат.

Саясат таануучу Зардушт Ализаденин айтымында, ал алдыдагы шайлоодо президент Ильхам Алиевге атаандаш катары чыгуучу “күчтүү” талапкерлердин бири болчу.