Cоңку маалымат боюнча, Илхам Алиевдин үчүнчү мөөнөт президент болушу үчүн шайлоочулардын 85 проценти добуш берди.
Анын башкы атаандашы, профессор Жамил Гасанли диктаторлук бийлик эркин добуш берүүгө мүмкүндүк бербеди деп, шайлоонун жыйынтыгына ынана албасын билдирди. Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы жана Европарламенттин алдын-ала берген баасы боюнча, добуш берүү эркин, калыс жана ачык айкын өткөн. Бирок Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары шайлоо айрым орой мыйзам бузуулар менен коштолгонуна көңүл бурду.
Батыштын адам укугун коргоочу уюмдарынын билдирүүлөрүнө караганда, Илхам Алиевдин жетегиндеги бийлик көз карандысыз маалымат булактарын, бейөкмөттүк уюшмаларды жана оппозиция тарапкерлерин аёосуз куугунтуктагандыктан, Азербайжанда шайлоонун эркин жана калыс өтүшүнө эч кандай шарт болгон жок.
Бирок Европарламент менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы - ПАСЕ чогуу жасаган билдирүүдө шайлоо мурдагыларына салыштырганда “бир кыйла ачык”, "тынч,” “профессионалдык деңгээлде өтүп,” “добуш берүүчүлөргө эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнү” белгиленет.
Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун байкоочулары мындай пикирге толук кошулбайт. “Ойду билдирүү, жыйналуу жана биригүү эркиндигин чектөөлөр” талапкерлердин саясий өнөктүктү бирдей шартта өткөрүүсүнө мүмкүндүк бербеди. Атап айтканда, президент Алиевге массмедиада көп орун берилди; шайлоо комиссияларынын көпчүлүк мүчөлөрү өкмөтчүл адамдар болду; журналисттерди куугунтуктоолор медиа чөйрөгө тескери таасир этти, - деп көрсөтүлөт билдирүүдө.
ЕККУнун кыска мөөнөттүк миссиясынын атайын координатору Мишел Вуазен 10-октябрда Бакуда сүйлөп, кемчиликтер болочокто кайталанбасы үчүн Азербайжан эл аралык милдеттенмелерин толук аткарышы керек деди:
- Биз ошондой эле, шайлоо жараяны кезде кээ бир олуттуу проблемаларды байкадык. Бул келечекте Азербайжан шайлоо адилет жана демократиялуу болуусу үчүн ЕККУнун эрежелерин жазбай урматтоосу керек экенин көрсөтөт.
2008-жылдын 15-октябрындагы шайлоону адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар демократиялык нормаларды бузуу менен өттү деп сындаган. Анда Илхам Алиев 88 процент добуш алган. Кийинки жылы жалпы элдик референдум өткөрүлүп, Конституцияга өзгөртүү киргизилген. Анын негизинде Алиевдин эки мөөнөттөн ашык президенттик кылуусуна жол ачылган.
52 жаштагы Алиев шейшемби күнү жеңиши айкын болгондон кийин эл өлкөнүн экономикалык өсүшүн көрүп, ага ишеним көрсөткөнүн айтты. Алиевдин жактоочулары экономикадагы туруктуу өсүш жана турмуштары жакшырганы үчүн ал колдоого татыктуу дешет. Анын каршылары өлкөдө коррупция, бийлик адамдары арасындагы тууганчылык жана саясий сынчыларды куугунтуктоо кадыресе көрүнүш экенин айтышат. "Трансперэнси интернешнл" уюмунун маалыматы боюнча, Азербайжан жемсөөлүк терең тамыр жайган өлкөлөрдүн тобуна кирет.
Илхам Алиевдин негизги атаандашы, профессор Жамил Гасанли бийликти массалык бюлеттен таштоолорду уюштуруп, “адамдардын шайлоо укугун орой бузду” деп күнөөлөдү жана өз жактоочуларын өкмөттүн “өкүмзордугуна” каршылык көрсөтүүгө үндөдү:
- Биз элибиздин укугу үчүн күрөштү улантабыз. Бул өкмөттө өлкөнү башкарганга моралдык укугу жок. Элинин эркине каршы иш кылган диктаторлор кетиш керек. Башка жол жок! Бул Азербайжанда да болот жана элибиз өз укугуна татыктуу.
Оппозициядагы Азербайжан демократиялык күчтөрүнүн Улуттук кеңеши ушу ишембиде шайлоонунун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясын өткөрүүнү мерчемдеп жатат.