“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис сотто көрсөтмө берди. 26-апрелдеги отурумда ал экспертизага коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирип, ага юристтер гана аныктама бериши керектигин айтты.
“Азаттыктын” адвокаттары буга байланыштуу сотту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин арызын четке кагууга чакырды. Отурум 27-апрелде уланат. Анда чечим чыгышы мүмкүн.
Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы
"Настоящее время” телеканалынын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу тууралуу эфирине лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис, Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын лингвист эксперти Жийде Семенова 26-апрелде сотто көрсөтмө берди.
Бишкектин Ленин райондук сотунда болгон процессте ал каналга чыккан видеоматериалда “Улут аралык кастыкты козутуу жана согушка үгүттөөнүн белгилери барбы?” деген суроого так жооп бере албай турганын айтып, аны мындайча түшүндүрдү:
“Видеоматериалда улутка каршы негативдүү лингвистикалык белгилер бар. Тактап айтканда, Тажикстандын журналисти берген интервьюда. Анда Кыргызстанды каралоо боюнча маалыматтар бар. Ал эми “улут аралык кастыкты козутуу жана согушту пропаганда кылуу боюнча” суроого юристтер баа бериши керек. Бул иш боюнча мындай изилдөө жүргүзүү менин компетенцияма кирбейт”.
Жийде Семенова “Азаттыкка” берген комментарийинде экспертизанын түрлөрү болорун, “Азаттык” боюнча жөнөкөй лингвистикалык экспертиза дайындалгандыктан аны өзү жалгыз жүргүзгөнүн, соттошууга негиз болгон көрсөтүүнү башынан аягына чейин көрүп чыкканын билдирди.
Ал филология илимдеринин кандидаты экенин жана 2015-жылдан бери жалпысынан 500дөй корутунду чыгарып бергенин айтты.
24-мартта Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2022-жылдын 16-сентябрындагы “Настоящее время” телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч берип судья аны канааттандырган.
Анда “Настоящее время” телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козутуунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы?” деген эки суроо коюлган.
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов лингвистикалык экспертиза министрликтин пайдасына чыкканын айтып, соттон "Азаттыкты” маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу алардын арызын канааттандырууну сурады.
“Экспертизалардын түрү көп. Юридикалык, психологиялык экспертизалар жүргүзүлөт. Ал эми азыркы иш боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында биз канааттандырарлык жооп алдык. Согушту пропагандалоо боюнча жыйынтык чыгарып бербесе да абалды козутуу боюнча толук жооп алдык”.
Султанов: сот министрликтин арызын четке кагыш керек
Соттук отурумдун башында “Азаттыктын” адвокаты Тимур Султанов “Настоящее время” телеканалынын түз эфириндеги видеоматериал боюнча чыккан лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн убакыт берүүнү сурап, процессти башка күнгө жылдырууну өтүнгөн.
Ишти караган судья Чолпон Каримбаева бир саат гана берип, бул убакыт жетиштүү экенин айтты. Жыйынтыгында сотто бир саатка тыныгуу жарыяланып, жараян уланды.
Ал эми Тимур Султанов Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрүнүн сөзүн четке кагып, лингвистикалык экспертиза негизги эки суроого жооп бербегенин, ушундан улам сот министрликтин арызын четке кагышы керектигин айтты.
“Урматтуу судья, сиз экспертиза дайындап жатканда “Бул видеоматериалда улут аралык кастыкты козутуунун жана согушка үгүттөөнүн лингвистикалык белгилери барбы?” деген эки так суроо коюлган. Лингвист эксперт бул суроолорго жооп бере алган жок. Биз азыр баарыбыз анын “Бул эки суроого мен жооп берген жокмун, себеби алар менин компетенцияма кирбейт” деген ачык жана так жообуна күбө болдук. Ошондуктан доо арыз эч негизсиз жана аны четке кагуу зарыл. Анткени доогер тараптын “Эгер ЖМК согушка үгүттөгөнү аныкталса, аны жабуу керек” дегенин бүгүнкү эксперт корутундусу менен да, көрсөтмөсү менен да бекемдеп бере алган жок”.
Дагы караңыз "Журналисттик этика сакталган". Сот "Азаттыктын" арызын четке какты2022-жылдын 16-сентябрында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыш боюнча түз эфирде видео материал чыккан. Анда эки тарап бири-бирин кол салууга айыптап жатканы тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматынын жана “Настоящее времянын” журналисттери айтып берген. Видеого Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин эки тараптын сүйлөшүүлөрү тууралуу берген комментарийи да кошулган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Канал Кыргызстан биринчи кол салды деп туура эмес маалымат берген” деген жүйө менен ал материалды алып салууну талап кылып, былтыр 26-октябрда “Азаттыктын” сайтын бөгөттөгөн.
Министрлик 23-январда, “Азаттыктын” маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райондук сотуна кайрылган. Мекеме буга негиз катары “Азаттык” радиосу “Настоящее время” каналында чыккан материалды өчүрбөгөнүн жана ЖМК жөнүндө мыйзамдын 23-беренесиндеги “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген беренесин көрсөткөн.
“Жарандык процесстик кодекстин негизинде эксперттердин кандайдыр бир корутундусу сотто кандайдыр бир далил катары эсептелбейт. Бирок көңүл бурулушу керек. Эгерде ушул иш боюнча эки суроого жооп берүү эксперттердин ыйгарым укугуна кирбей турган болсо анда коюлган айып аныкталган жок. Анда доо арыз кантип канааттандырылат? Биздин оюбуз жана мыйзамдын негизинде арыз четке кагылышы керек”, - деди Тимур Султанов.
Банк эсеби боюнча иш
Ал тапта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-апрелде “Азаттык Медианын” адвокаты Нурбек Сыдыковдун арызын жарым-жартылай канааттандырды. Соттун бул чечимине ылайык, эми Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Азаттык Медианын” банктык эсебин бөгөттөгөн кылмыш ишинин материалдарындагы “жашыруун” делген маалыматтарды “жашыруун эмес” маалыматтардан өзүнчө бөлүп, аныктап чыгууга милдеттүү болот.
Ишке “жашыруун” деген макамды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коюп, андан ары териштирүү үчүн материалдарды ИИМдин Тергөө кызматына жөнөткөн.
“Азаттык Медианын” “Демирбанктагы” банк эсебине бөгөт коюлганы былтыр, 31-октябрда белгилүү болгон.
15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалыматы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий кабарлаган.
Бирок “Азаттык Медиа” бул тизмеден чыгарылганын, ошондуктан ишти кароого негиз жок экенин Финансылык чалгын кызматынын өкүлдөрү 28-декабрда билдиришкен. Буга карабастан банк эсеби алигүнчө ачыла элек. Эсеп ИИМ козгогон кылмыш ишинин алкагында бөгөттөлгөнү белгилүү болгон.
Аталган иште “Азаттык Медианын” юридикалык макамы беймаалым. Толук маалыматты ИИМ кылмыш ишинде “жашыруун” грифи бар деген негизде бербей келет.
Дагы караңыз “Азаттык” эки министрлик менен соттошууда“Азаттык Медиа” банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.
Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.