Кыргызстандын Өкмөтүнүн Жалал-Абат облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин KF SilkRoad долбоорунун жетекчиси Чу Санг Хун менен жолугушуп, Аксы районундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылдарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өрчүтүү жөнүндө талкуулашты.
Дагы караңыз Чырак менен күн көргөн Чоңтовар-СайӨткөн жылы облус аймагындагы туристтик мүмкүнчүлүгү бар жайлар изилденип, Аксы районундагы аталган эки айыл долбоорго тандалып алынган. Жолугушууда ал айылдарга баруучу жолдор, туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу аракеттери көрүлөөрү айтылды.
Аксыдагы табияты ажайып Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет.
1980-жылдарга чейин бул кыштак Бишкек-Ош жолунун боюнда турган.
Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, аталган жол суу астында калган.
Дагы караңыз Шайлоо дүбүртүн укпаган айылдарУчурда бул айылдагы 50 түтүндө 300гө жакын киши жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр кубаты, дарыгерлик түйүн, мектеп жок, уюлдук байланыш да жакшы тартпайт.
Кызыл-Бейит кыштагынын тургундары Нарын дарыясынан кайык менен өтүп, "чоң жер" менен катташат.
2019-жылы Аксынын Авлетим айыл аймагына таандык Чоңтовар-Сай жаңы конушунун тургундары да 10 жылдан бери жарыгы жок жашап жатышканын "Азаттык" чагылдырган.
Жалал-Абад облусунда Кыргызстандагы ири ГЭСтер жайгашканы маалым. (TA)
Дагы караңыз
Айбек Бузурманкулов: Жерүй кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү керекЖаныбарларды коргоочу мыйзам долбоору мал союу боюнча талашты кызыттыСаламаттык сактоо министрлиги шайлоого байланыштуу алгоритм иштеп чыктыПара алууга шектелген депутаттын агасына айыппул салындыОшто дагы бир кишини атып кетишкени кабарландыМирзиёев журналисттерди сын материалдарды көбөйтүүгө чакырды Навальныйды бошотуу талабы менен эң ири митинг өтмөкчүШыкмаматов: Венеция комиссиясы менен диалог курушубуз керек (видео) Кара-Суу районунун акимдик кызматына 74 талапкер ат салышат