Кабул Орусия менен Түркиядагы ооган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышат

Түркиянын тышкы иштер министри Мавлүт Чавушоглу, Катардын тышкы иштер министри Мухаммед ибн Абдурахман Аал Тани жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Доха шаарындагы маалымат жыйынында (солдон оңго). Катар. 2021-жылдын 11-марты.

Расмий Кабул жакынкы апталарда Орусияда жана Түркияда өтөөөрү белгиленип жаткан Ооганстандагы тынчтык жүрүмү боюнча сүйлөшүүлөргө катышат. Бул тууралуу 13-мартта, ишемби күнү, Ооганстан өкмөтүнүн коопсуздук боюнча кеңешчиси айтты.

Ооганстандын өкмөтү өз өлкөсүндөгү тынчык жүрүмүнө арналган жакынкы болочокто Түркияда жана Орусияда өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү расмий ооган делегациясынын курамы ушул жолугушуунун эл аралык катышуучуларынын курамынын тизмесине жараша болот деп билдирди.

Өз кезегинде исламдык Талиптер кыймылынын өкүлү Германиянын «DPA» маалымат агенттигине өздөрүнүн бул сүйлөшүүлөргө катышаар-катышпастыгы боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин маалымдады.

12-мартта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта Москва шаарында талиптер кыймылынын, Ооганстан өкмөтүнүн, ошондой эле АКШ, Кытай жана Пакистандын делегацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү өтөт деп жарыялаган.

Дагы караңыз Түркия апрелде ооган тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргүсү келет

Ооганстандагы жаңжалда ортомчу ролун аткарып келе жаткан Катар мамлекети бул жолугушуунун ардактуу коногу боло тургандыгын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кошумчалаган.

Өз кезегинде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия дагы Ооганстандагы тынчтык жүрүмү сүйлөшүүлөрдүн уюштуруучусу болууга ниеттенип жаткандыгын шардана кылды. Стамбулда өтө турган бул сүйлөшүүлөр апрель айына болжолдонууда, деп расмий Анкара белгиледи.

Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдү АКШнын бийлиги да колдоого алууда. (TT)