Израил: Иран жөөттөрдүн кемесиндеги жардырууга тиешеси болушу ыктымал

Израилдин “MV Helios Ray” аттуу жүк ташуучу кемесинде 25-февралда жардыруу болду. 2021.


Израилдин Коргоо министри Бенни Ганц 27-февралда билдиргендей, Иран ушул аптадагы Оман булуңундагы Израилге таандык жүк ташуучу кемедеги жардыруунун артында турган болушу ажеп эмес.

“Эм-Ви Гелиос Кэй” (“MV Helios Ray”) аттуу жүк ташуучу кеме 25-февралда (бейшембиде) Сауд Арабиясынын Даммам портунан Сингапурду көздөй бара жатканда, жардырууга кириптер болгон.

Ганц Израилдин “Кэн” аттуу коомдук сыналгы каналына: "Кеме Иранга салыштырмалуу жакын жерде жайгашкандыгы Иран жооптуу деген ишенимди күчөтөт, бирок бул окуяны дагы да тастыктоо үчүн текшерүү керек", – деди.

Иран өзүнүн өзөктүк тармак жаатындагы башкы илимпозунун былтыр ноябрь айында өлтүрүлүшүнө Израилди күнөөлөп, өч алууга убада берген.
Ганцтын айтымында, Иран Израилдин инфратүзүмүн жана жарандарын бутага алганы жаткандыгы белгилүү болгон.

Ишембиде «Кэн» каналы маалымдагандай, жекшембиде, 28-февралда Израилдин коргонуу жана саясат жаатындагы жогорку төбөлдөрү бул болжолдуу кол салууга жооп кайтаруу маселесин талкуулашмакчы. Израилдин расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул окуя "чектен чыгып кеткендикти» айгинелейт.

Бул жардыруудан эч ким жабыркаган жок, бирок кеменин капталында диаметри 1,5 метрлик эки тешик пайда болду. Бул тууралуу кеменин израилдик кожоюну Рами Унгар 26-февралда «Кэн» каналына билдирди.

Иран болсо бул жардырууга өзүнүн тиешеси жоктугун маалымдады. (TT)