Бирдиктүү салык декларациясын 1-мартка чейин тапшыруу керек

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясы 1-мартка чейин толук тапшырылышы керек.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Күндүз салык декларациясын тапшырууга убакыт таппагандар үчүн салык кызматында кабыл алуулар дем алыш күндөрү түнкү саат 24:00го чейин уланат.

1-мартка чейин өлкөдөгү бардык юридикалык уюмдар, дыйкан чарбалар, эл аралык уюмдар, Кыргызстанда иш алып барган чет элдик фирмалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик, муниципиалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер жана патенттик негизде иштегендер, атуулдар, автоунаасы барлар, кыймылсыз мүлк ээлери салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. (BCh)

Дагы караңыз

FactCheck KG Матраимовдун “хан сарайы” деген видео тасма жарыяладыЫсык-Атада өгөй баласын сабоого шек саналган жаран кармалдыЖурналист Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын алды