Америка Кошмо Штаттары Жакынкы Чыгышта Палестина мамлекетин түзүүнү жактай тургандыгын АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен израилдик кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү маалында билдирди.
Энтони Блинкен. Вашингтон. 2021-жылдын 4-февралы.
Израилдин тышкы иштер министри Габи Ашкенази менен телефон аркылуу баарлашып, Блинкен мырза эки мамлекеттин түзүлүшүнүн негизинде Израиль-Палестина жаңжалын биротоло чечүү – Израилдин келечеги үчүн эң жакшы жол деп айтты. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент дүйшөмбү күнү, 22-февралда жарыялады.
Дагы караңыз Вашингтондун планы сынга кабылды
Телефон баарлашуусунун жүрүшүндө Блинкен «эки мамлекетти түзүү чечими – телегейи тегиз жана демократиялуу Палестина мамлекети менен тынчтыкта жанаша жашаган Израилдин жөөттөргө таанлык жана демократиялуу мамлекет катары болочогун камсыз кылуунун эң мыкты аргасы экендигине Байдендин өкмөтүнүн терең ишенимин баса белгиледи», – деп Мамдепартаментте белгилешти.
Мамдепартаменттиин өкүлү Нед Прайстын маалымдашынча, ошол эле учурда Блинкен көп тараптуу форматта Израилге кастарын тиге турган бир беткей иш-аракеттерге да каршы экендигин белгилеген. (TT)