Конгодо Италиянын элчиси өлтүрүлдү

Элчи Лука Аттанасионун сөөгү жаткан өлүккана. Гома, Конго. 2021-жылдын 22-февралы.

Италиянын Конгодогу элчиси, анын жан сакчысы жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын айдоочусу өлтүрүлдү.

Италиянын өкмөтү тараткан маалымат боюнча, 22-февралда 43 жаштагы элчи Лука Аттанасио, анын 30 жаштагы жан сакчысы жана жергиликтүү айдоочу Конгонун баш калаасы Гомадан 25 чакырым алыстыктагы Каньямахоро шаарынын жанында өлтүрүлгөн.

Конго Демократиялык Республикасынын бийликтери бул кол салуу үчүн руандалык хуту тектүү козголоңчу топторду айыптады.

Дагы караңыз РУАНДА ОН ЖЫЛ МУРДАГЫ ТУКУМ КУРУТ АЛААМАТЫНАН АЛГАН ЖАРААТЫНАН АЛИГИЧЕ АЙЫГА ЭЛЕК

Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо “Конго Демократиялык Республикасындагы элчибиздин өлтүрүлгөнүн тынчсыздануу жана кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп билдирди.

БУУ өлтүрүлгөн айдоочу Дүйнөлүк азык-түлүк программасында иштегенин ырастады. Уюмдун маалыматы боюнча, италиялык элчи баштаган делегация аймактагы мектептеги азык-түлүк боюнча программа менен таанышуу максатында бара жатышкан. Алар сапар тарткан жол салыштырмалуу коопсуз саналчу.

"Reuters" агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берип жазгандай, кылмыштуу топ асманга ок атып автоунааны токтоткон. Андан соң айдоочуну өлтүрүп, кийин калгандарына кол салган.

Куралчан топ элчи баштаган адамдарды барымтага алууга аракет кылганы кабарланды.