Израил БАЭде өз элчилигин ачты

БАЭнин борбору Абу-Даби шаары. 2010-жылдын 27-июлу.

Израил Перс булуңундагы араб өлкөсү – Бириккен Араб Эмираттарында өз элчилигин ачкандыгын 24-январда Израилдин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Дагы караңыз Дүйнө жүзү жана Жо Байден

Жекшембиде израилдик элчи Эйтан Наэ (Eytan Naeh) Абу-Даби шаарына келип, мындагы элчилик расмий иштей баштаганын Израилдин ТИМинин билдирүүсү кошумчалайт. Эми бул элчилик эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактардагы карым-катнашты өнүктүрүүгө салым кошмокчу, деп айтылат билдирүүдө.

Эйтан Наэ 1963-жылы туулган. 2016-жылдан кийин ал Израилдин Түркиядагы элчиси болуп иштеген. 2018-жылы 15-майда Газа тилкесиндеги окуялардан улам расмий Анкара Наэ мырза «нон-грат персонасы» экенин жарыялаган. Наэ мырза эне тилинен тышкары англис, түрк жана араб тилдерин билет. Ал БАЭде убактылуу гана элчи болмокчу.

Дагы караңыз Бахрейн жана БАЭ Израилге кол сунду

Израил менен БАЭ 2020-жылы 13-августта өз ара мамилелерди толук калыбына келтирүү тууралуу макулдашууга жетишкен. Буга чейин эле БАЭде Израилдин жашыруун дипломатиялык өкүлчүлүгү иштеп келгендиги тууралуу маалымат бар.

Расмий Абу-Даби Израилди экономикалык жактан бойкот кылышын токтотту. Израил болсо Иордан дарыясынын Батыш жээгинде кеңири аймакты ээлөө ниетинен баш тартууга убада берген. (TT)