“Азаттыктын” сынагын жеңгендер сыйланды
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырууда.
Дайырбек Мейманов (Эгемендүүбүз деп эдиреңдей берүүгө эрте) – Эгемендүүлүктүн бекемделишин социалдык, экономикалык, маданий, тил, идеологиялык аспектиден талдоого аракет кылган.
Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 50дөй материал келип түшкөн.
Сынакка эмгек миграциясында жүргөн мекендештер дагы активдүү катышты. Сыйлыкты алардын Бишкектеги жакындары келип алды.
Асылбек Жооданбеков (Эгемендиктин бекемделишине ар бирибиз таасир этебиз) - Эгемендикти бекемдеген эң маанилүү институттар тууралуу пикирин айтып, адискөйлүк калыптандыруу, таза, акыйкат атаандаштыктын шарданында шайлоо өткөрүү, идеялардын ачык күрөшүнө мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу көз караштарын жазган.
Сынактын жеңүүлөрүнүн бири Болотбек Таштаналиев "Эгемендикти бекемдеген руханий азык" деген макаласында адабияттагы абалды талдайт.
Эрлан Нурманбетов (Коррупция - империяларды тарыхтан өчүргөн) – Кыргызстанды алдыга сүрөгөн идеялар жетишпей жатканын, коомдук аң-сезимди өзгөртүү, реформа тууралуу көз караштары менен бөлүшкөн.