"Азаттыктын" берүүсүнөн кийин он балалуу эненин жашоосу өзгөрдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн аптада "Азаттык" радиосу тасмага тарткан Жумгалдагы он балалуу Асел Сатарованын үйүнө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев барды. Ал баатыр энеге күнүмдүк түйшүгүн жеңилдеткен техникаларды белекке берди. Мектепти бүткөндөн кийин окуусун уланта албай калган кыздарынын билим алуусуна жардам бермей болду. Министр менен чогуу барган демөөрчүлөр каржалган бүлөгө жаңы үй салып берүүгө убада беришти.