Атайын кызмат менен Жогорку соттун тиреши
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуттук коопсуздук комитети менен Жогорку Соттун тиреши токтой элек. Бүгүн Жарандык көзөмөл комитети төрага Ташиевдин билдирүүсүн "сот системасына басым" деп баалады. Шайлоодогу үгүткө ушул тапта 90 миллион сомдон ашык акча сарпталса, анын жарымы Садыр Жапаровдун штабынан кетти. Серепчилер негизги талапкер ким экени белгилүү болгондуктан, башкалары акчасын короткусу келбей жатканын белгилешет.
Европа Биримдигинде коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Биринчилерден болуп улгайгандар менен медициналык кызматкерлер вакцина алат.