Урматтуу Кыргыз жарандары,
Эгемендүүлүк күнүн майрамдашыбыз керек, бирок биз чын эле эгемендүүбүзбү?
Албетте, кагазда биз БУУнун мүчөсүбүз, таанылган мамлекетбиз. Бирок реалдуулукта бизде мамлекеттүүлүк барбы? Жаңы тарыхыбызда жеке менчик сектордогу өнүгүүлөрдү кошпогондо мамлекетте өнүгүү болдубу?
Система алмашканы чын, базар экономикасы менен демократиялаштыруу жолуна түштүк, бирок мамлекеттүүлүктү бекемдей турган эмне жумуш аткардык?
Мамлекеттин өзөгү болгон үч эң жөнөкөй функцияны алып көрөлү. Ички, тышкы коопсуздук жана социалдык жыргалчылык. Бүгүнкү күндө мамлекет ушул функцияларын аткарып жатабы?
Ички коопсуздук Transparency International деген уюмдун изилдөөсү боюнча Кыргыз Республикасында коррупциянын деңгээли үч жылдан бери 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду алып келет.
Коррупция менен болгон күрөштүн жыйынтыгы кана? Эмнеге жылыш жок? Коррупция менен шектелген чиновниктер акталып жатса - кайдагы жылыш.
2012-жылкы ушул уюмдун дагы бир изилдөөсүн карасак, Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак бул сот системасы болгон. Андан бери бул тармакта кандай өзгөрүү болду? Соттордун “караларга” жана «хапугаларга» көрсөткөн «гумандуулугун» өнүгүү катары кабыл алсак болобу? Эки жыл ичинде бул тармакта ушуга «жетиштикпи»? Анан сот системасы чабал өлкөгө кайсы нормалдуу инвестор келип иштейт.
Ушул эле уюмдун иликтөөсү боюнча өлкөдө эң коррупциялашкан органдарга күч органдары да кирет экен. Бул органдар тескерисинче коррупция менен күрөшүүсү керек эмеспи?
Ички коопсуздукка тиешелүү дагы бир проблема бул жол кырсыктары. ИИМдин маалыматына таянсак, жакынкы эле бир жуманын ичинде (30.07-05.08) өлкө боюнча 97 жол кырсыгы катталып, 32 адам көз жуумп, 148 адам жаракат алган. Бул эмне деген көрсөткүч? Кана реформалардын жыйынтыгы? Тилекке каршы өлкөдө жол кырсыгынын саны жылдан жылга өсүп баратат. Анан ушундай көрсөткүчтөрдөн бул өлкөдө жашоо коопсуз деп айтууга болобу?
Тышкы коопсуздук
Чек ара маселесин алып көрөлү, ушул жылдын башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 28 конфликт катталды. Башкача айтканда ар эки жумада чек арада чыр. Чек ара маселесин 23 жылдан бери чечип алсак болот беле. Эмнеге чече албадык? Өзүн өзү сыйлаган мамлекет мындай маселелерди башынан эле чечип коймок. Демек мамлекет бизди сырткы коркунучтардан коргойт деп ишенсек болобу?
Социалдык саясат
PISA уюмунун изилдөөсү боюнча кыргызстандык окуучулардын билим деңгээли эки жолу (2006 жана 2009-жылдар) 65 өлкөнүн ичинен эң төмөн болуп чыкты. Кыргыз өкмөтү үчүнчү жолку (2012-жылы) изилдөөгө катышуудан баш тартты. Эмнеге? Анткени үчүнчү жолу да акырынан биринчи болгусу келбеди. Реформа жок болсо кайдагы жылыш.
Freedom House уюмунун изилдөөсү боюнча биз дагы деле жарым жартылай эркин өлкөбүз. Муну акыркы эки жыл ичинде өткөн шайлоолор тастыктады. Бул тармакта да демек жылыш жок.
Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 40% көмүскө экономикада. Бул эмнени билдирет? Мамлекет өлкөдөгү бир жылдык жалпы кирешенин 40% көзөмөл кылганга алы жетпесе, аны кимдер көзөмөл кылат? Караларбы? Же коррупционерлерби? БУУнун билдирүүсү боюнча кыргыз жарандарынын 30% жакырчылыкта жашайт.
Социалдык саясаты жакшы иштеген өлкөдө ар бир үчүнчү адам жакырчылыкта жашамак беле. Өзүн өзү сыйлаган мамлекетте мындай көрсөткүчтөр болбош керек. Мамлекетибиз өзүнүн жөнөкөй функцияларын аткара албаса, кантип биз эгемендүү мамлекетпиз деп айта алабыз?
Эмне кылуу керек?
Өзүн өзү сындаган жакшы, бирок сындап койсоң эле маселе чечилип калбайт.
Кантип туруктуу өнүгүү жолуна түшсөк болот, ойлонуп көрөлү.
Биздин бактыбызга башка өлкөлөр эчак эле «велосипедди» ойлоп тапкан. Биз болгону ошол "велосипедди" туура колдонушубуз керек.
Алыска барбай эле Грузия, Монголияга окшогон өлкөлөрдүн өнүгүү жолдорун алып колдонсок жетиштүү болмок. Мисалы, Transparency International уюмунун изилдөөсү боюнча Монголия коррупциянын деңгээли боюнча үч жылдын (2010-2013-жылдар) ичинде 116 орундан 83 орунга көтөрүлгөн. Андан сыркары бул өлкө таза шайлоо өткөрө алгандыгы менен белгилүү.
Демек ушундай өлкөлөрдөн үйрөнсөк болобу? Эмнеге болбосун...
Баатыр Алымкулов
Эрфурт шаары, Германия