Кыргызстанда өспүрүм кыздардын репродукциялык ден соолугуна арналган мобилдик тиркеме иштей баштады.
Ал аркылуу кыздар айыз цикли жөнүндө маалымат жана ачык айта албаган бардык суроолоруна жооп ала алышат. Кыргыз коомунда кыз-келиндердин айыз темасы анча козголбойт.
26 жаштагы Нуркан Тайматова Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде психология адистиги боюнча билим алып жатат. Ал "Оку" тиркемеси үчүн аймактардагы өспүрүм кыздардан маалымат топтоп келген.
"Биз өлкөнүн ар аймагына барып, фокус группа туздүк. Аларга атайын суроолорду алдын ала даярдап алдык. Айыз тууралуу кайдан уккансыз деген суроо берилди. Жооптор бизди таң калтырды. Бирине эжеси айтса, дагы бири апасы же тасмалар аркылуу билиптир. Ошол эле кезде кыздар айыз тууралуу такыр маалыматы жок, чочуп, тил уккан учурлары да болгон. Мисалы, бир кыздын окуясы эсимде калды. Ал апасына айыз келгенин айтса, апасы жакшы түшүнбөй аябай сабаптыр. Мындай окуялардан улам кыргызстандык кыздарда так, жеткиликтүү тилде маалымат жоктугун түшүндүк".
Нуркан Тайматова тиркеме аркылуу кыздар айыз эле эмес, өспүрүм кезде өзгөрүүлөр тууралуу маалымат ала алат:
"Тиркеме эки тилде иштейт. Анда кыргыз тилинде маалымат берилгени жакшы болду. Биз кыздар үчүн кыргызча түшүнүктүү маалымат болсо, деп ойлоп жүрдүк эле. Мында бир гана айыз эле эмес, ал келген учурда эмне кылыш керек, өспүрүм куракта кыздарда кандай өзгөрүүлөр болот?".
Оку тиркемесин "Айкын багыт" коомдук фонду ЮНИСЕФ уюмунун аймактык кеңсеси менен биргеликте иштеп чыккан. Тиркемеден кыздар балакатка жеткендеги өзгөрүүлөр, жыныстык жетилүү, репродукциялык саламаттык тууралуу маалыматты түрдүү оюндар, сынктар, календар аркылуу ала алышат.
"Айкын багыт" коомдук фондунун адиси Гүлзат Мукалиева мындай тиркеме бир топ өлкөдө иштеп жатканын айтты.
"Тиркемени иштеп чыгуу идеясы негизи ЮНИСЕФке таандык. Мындай тематикадагы тиркеме дүйнөдөгү 13 өлкөдө бар экен. Демек, бул айыз тууралуу кеп кылуу же бул тема дагы деле табу болуп жатканынан кабар берет. Тиркеме 9 жаштан баштап балкатка жеткен кыздарга арналат. Ошол эле кезде ал купуялуулукту сактайт. Мисалы, аны колдонуп жаткан өспүрүм кыз сыр сөздүн негизинде гана кире алат. Ал кандай маалымат алган, кандай суроо салган башкаларга көрүнбөйт".
Мукалиева ошол эле кезде тиркеме энелер, мугалимдер үчүн да пайдалуу экенин кошумчалады. Ал эми мектеп мугалими Чынара Деркембаева айыз темасын атайын сабактарда кыздар менен бирге талкуулап, сүйлөшөөрүн айтат:
"Тиркеменин жакшы жери кыздар мугалимдерге бере албаган суроолорун берип, жооп ала алат экен. Негизи биз деле бул темаларда ачык талкууларды өткөрө баштадык. Атайын аялдар кеңеши өтөт. Анда медициналык кызматкерлер менен биргеликте кыздарга түшүндүрүп беребиз".
Адистер жыныстык тарбия зарылдыгын айтып келишет. Алар жаш муун турмуш курууга чейинки үй-бүлөнү пландоо сыяктуу түшүнүктөрдөн кабарсыз калгандыктан жыныстык жашоону эрте баштоо, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштыруу өңдүү көрүнүштөр орун алып, бойдон алдыруу көп катталарын да белгилешет.
Элет жеринде кыздарга айыз тууралуу окууларды өтүп жүргөн активист Нурзада Садырбекова буларга токтолду:
"Негизи кыздардын жетилүүсү тууралуу сабак өткөн адистер жокко эсе. Ошондон улам мени тренингддерге көп чакырышат. Ал жерде айыз эле эмес, өспүрүм кыздардын жетилүүсү, жашоосу, социалдык маселелр тууралуу да окууларды өтүп жүрөм".
2018-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 554 кыз (миң кишинин 2,2% барабар), 2015-жылы 1060 өспүрүм кыз (миң кишинин 4,3%) көз жарган. Адистер буга үй-бүлөдө жана коомдо өспүрүм кыздарга жыныстык тарбиянын жоктугу себеп болуп жатканын айтышат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.