Айылын таза сактагысы келген Мээрим

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мээрим Молдалиева Жумгал районунун Байзак айылдык кеңешинин төрайымы. 28 жаштагы кыз 2015-жылы автокырсыкка кабылып, бутунан майып болуп калган. Бирок бул нерсе ага тоскоолдук кылган жок. Айылдагы активист катары өзүнүн кыймыл-аракети, эмгеги менен башкаларга үлгү болгусу келет. Жакында эле айылды мал-жандыктын өлүгүнөн тазалоо максатында тарпты өрттөй турган атайын крематорий алдырган.