"Аялды сабоо - жапайычылык": Эркектер зомбулукту сындап чыкты

Иллюстрация.

Үй-бүлөдө аялдарга көрсөтүлгөн өкүмзордукту айрым эркектер сындап чыгышты.

Бишкек шаардык милициясы көчөдө күйөөсү аялын сабаган окуя боюнча тергөө баштады. Шектүү катары 28 жаштагы эркек кармалып, Кылмыш кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен иликтенүүдө.

Эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео социалдык желеге 9-ноябрда тараган. Аялды кордогон окуя 8-ноябрда түш ченде соода борборлордун биринин жанында болгон. Шаардык ички иштер башкармалыгы алар жубайлар экенин билдирген.

Бул Кыргызстанда коомдук жайда жубайына зомбулук көрсөтүлгөн алгачкы учур эмес. 25-октябрда баш калаадагы "Таш Рабат" соода борборунда күйөөсү аялын сабаганы тууралуу видео тарап, талкуу жараткан.

Мойнуна дөңгөлөк илинген аял, кордукка чыдабай жанын кыюуга аракет кылган же күйөөсүнүн токмогунан көз жумган келиндер, ала качуунун курмандыгы болгон кыздар... Мындай окуялар басылмалардын башкы бетинен дээрлик түшпөй келүүдө. Адам укугун коргогон адистер нечендеген зомбулуктар үйлөрдөн сыртка чыкпай, кордук көргөн кыз-келиндердин тагдыры көмүскөдө калып жатканына кабатыр.

"Бул - жапайылык"

Адатта зомбулукту токтотууга чакырган активисттердин көбү – кыз-келиндер. Адистер мунун себебин аялдар бири-бирин жакшы түшүнгөнү же мындай зомбулукту, басмырлоону өздөрү да баштан өткөргөндүктөн, бири-бирине тилектештиги катары сыпатташат.

Кыргыз коомунда аялдардын укугун коргоого жигердүү чакырык жасап келаткан эркектер аз. "Азаттык" өкүмзордукту каралаган айрым мырзаларга микрофон сунду:

Илим Карыпбеков, юрист:

"Мындай көрүнүшкө жол берүү азыркы заманда таптакыр мүмкүн эмес. Бул - жапайылык. Бул илгерки таш доорунда болчу окуя. Бирок азыркы кыргыздардын коомунда ушундай көрүнүштөрдүн кайталана бериши адамды өкүндүрөт. Милиция ыкчам чара көрүп, аялын сабаган киши жазаланышы керек.

Зомбулук эми гана пайда болуп калган жок. Кичинекей кезимде өзүмдүн жакындарымдын арасында да көрүп чоңойдум. Азыр андай окуяларды видеого тартып, коомчулукка көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан зомбулук көбөйүп кеткендей байкалууда. Аны токтотууга каршы мамлекеттик чараларды көрүү зарыл болуп турат".

Талант Калыков, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери, нейрохирург:

"Бизге жабыркаган аялдар көп келет. 90% күйөөсүнөн кордук көргөндөр. Дененин күчү жагынан алганда, аялдар эркектерге салыштырмалуу алсызыраак. Ошону билип туруп жубайын уруп-сабоо – эркектик намыска туура келбейт. Диний жактан да, моралдык жактан алганда да бул туура эмес. Аялга кол көтөргөн эркек андай кадамга барарда апасын, эжесин, карындашын, кызын ойлоп койбойбу!

Зомбулукка кабылган аялдардын жагдайына кайдыгер карабашыбыз керек. Коомчулук талкуулап, аялдарды коргоого алууга тийиш. Антпесек, эртеңки күнү мындай окуялар өзүбүздүн үй-бүлөдө кайталанат”.

Дагы караңыз

"Аял урган эркекти күрөшкө чакырам"

Мамлекеттик деңгээлдеги көйгөй

Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталды. 170 мамлекеттин арасында Кыргызстан 97-орунда. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Зомбулукка каршы күрөш жана коопсуздук маселесинде активисттер милиция кызматкерлеринин ишин көбүрөөк сындап, "бул үй-бүлөлүк маселе" деген жүйө менен абалды жайгарууну күйөөсү менен аялынын өзүнө тапшырарын айтышат.

Ички иштер министрлигинин октябрдагы маалыматына ылайык, 2021-жылдын башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсебинде, үй-бүлөлүк зомбулуктан 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалайбек Алижанов зомбулукка каршы милициядагы күрөш тууралуу айтып берди:

“Алгач зомбулукка кабылган адамдан арыз катталат. Кийин ал маалыматты милиция кызматкерлери текшерет. Эгер зомбулук фактысы аныкталса, жабыркаган адамга 24 сааттын ичинде коргоо ордери берилет. Жабырлануучу үч күн ичинде кайра арызданса, коргоо ордери 30 күнгө узартылат. Мындай учурда зомбулук жасаган киши сөзсүз коррекциялык программадан өтүүгө тийиш. Коррекцялык программа бул – зомбулук көрсөткөн адамдын жүрүм-турумун оңдоо. Бул мыйзамда каралган”.

Мыйзамда каралганы менен аны ишке ашыруу механизми быйыл гана иштелип чыкты. Таалайбек мырзанын айтымында, эки айдан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коррекциялык программаны ишке ашыра баштады.

Зомбулук тууралуу көбүрөөк айтылып, маселе көтөрүлүп жатканы менен экинчи бир көйгөй бар.

Күйөөсү токмоктогон аялдар көп учурда милицияга тосмо арыз берип, зөөкүр күйөөсүн кайра жазадан куткарып калат. Мындай кадам көбүнчө тууган-уруктардын басымы же ошол эле күйөөсүнүн коркутуусу менен ишке ашары айтылып жүрөт.

Күйөөсүнөн кордук көргөнүн даттанган кыз-келиндердин кайра өзүнө күнөө артып, “сабыр кылганды үйрөн” деп акыл айткан учурлар көп. Ал тургай күч органдарында “бул эми үй-бүлөлүк эле маселе” деп жубайлардын арасына түшүүнү каалабаган кызматкерлер бар. Муну Ички иштер министрлигинин өкүлү Таалайбек Алижанов да четке какпайт.

"Адам иштеген жерде андай фактылар болушу мүмкүн. Аны билебиз. Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги көптөгөн иштерди да жасап жатат. Кызматкерлерибиз тренингден өткөрүлөт. Зомбулук окуясы катталганда милиционер мыйзамдан аша чаппай кандай аракеттерди жасашы керек? Жабырлануучу менен жана ага зордук көрсөткөн адам менен кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл? - деген суроолордун тегерегинде окутуулар такай өткөрүлүп келатат".

Максат Дамир уулу, Туризм департаментинин мурдагы директору:

"Аялды кордогон адамды эркек деп айткым да келбей турат. Милицияга кайрылгандан кийин кайра тосмо арыз менен иштердин токтоп калып жатышы - чоң көйгөй. Факт катталгандан кийин териштирүүнү аягына чыгармайынча бул көйгөй улана берет. Эмнеге мындай окуя болуп жатканын иликтеп, ошого жараша чара көрүү кажет. Экинчиден, өкүмзордукка каршы чара көрүү жагын гана ойлобой, анын түпкүлүгүн карап көрүү зарыл. Анткени, азыркы учурда биздин коомдо билимдин деңгээли өтө төмөн болуп кеткен. Зомбулук туура эместигин эркектерге кичинекей кезинен окутуп-үйрөтүүнү мамлекеттик деңгээлде колго алуу керек".

Малаке Кадыралы, психолог:

"Социалдык изилдөөлөргө таяна турган болсок, экономикалык абалы начарлаган адамда агрессия күчөп, күнөөлүүлөрдү издей баштайт. Кыргызстанда экономикалык кырдаал дурус эмес. Бул көрүнүш жарандарга да таасирин тийгизет. Экинчи фактор да бар, биз аны интернализация дейбиз. Бала чоңоюп жаткан чөйрөдө көргөн окуяларын өзүнө сиңирип алат. Убагы келип, ошол сиңирилген түшүнүктөр анын образын калыптандырат. Мына ушул фактор кыргыз коомуна көбүрөөк таандык. Чагылыш нейрондор деген бар. Адам жашоосунда эмнени көбүрөөк көрсө, аны кайталайт.

Андан тышкары, тастыкталбаган божомолум боюнча, 1980-90-жылдары төрөлүп, чоңойгон муун - экономикалык белгисиздиктин жарааты менен чоңоюшкан. Советтер союзу ыдырап, экономикалык кризис мамлекет багытын таба албай турган доордо өсүшкөн. Белгисиздик өкүм сүргөн учурда стресстин деңгээли жогору болот. Менимче, бул кошумча бир фактор".

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз: