Аялдарды абакка түрткөн зомбулук

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Бул жердеги аялдардын 25% "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. Соңку алты жылда 100дөн ашык аял үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон. Ошол эле учурда ушунча аял күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн тарапты өлтүргөнү үчүн соттолгон.