Аткезчилердин бензини Бишкекти басты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол бойлой күйүүчү май саткандардын саны көбөйдү. Мыйзамсыз сатылып жаткан бензиндин баасы май куюучу жайлардан алда канча арзан. Бул көрүнүш айдоочуларга жакканы менен мамлекеттин бюджетине ири өлчөмдөгү зыян келип жатканы айтылууда. Күйүүчү май аткезчилигинин айынан жыл сайын казынага 5 млрд. сом түшпөй турганы эсептелген.