УКМК өзбекстандык кримтөбөлгө издөө салды

Камчы Көлбаев менен Салим Абдувалиев. УКМК жарыялаган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге Интерполдун линиясы менен издөө жарыялап, Октябрь райондук соту аны сыртынан камакка алууга чечим чыгарды. Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.

"Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган"

Атайын кызмат “Салимбай байбача” деп таанылган Салим Абдувалиев КМШ өлкөлөрүнө таасирдүү болгонун, Европага маңзат ташуу каналдарын уюштуруп, кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, анын кылмыштуу тобуна дайыма материалдык жардам көрсөтүп жүргөн деп билдирди.

УКМК тараткан сүрөттөрдүн биринен Салим Абдувалиев менен Камчы Көлбаевди көрүүгө болот.

Атайын кызмат Абдувалиев менен Көлбаев (К.Асанбек) чогуу жүргөндө тартылган сүрөт, видеолорду да жарыялады.

“С.Абдувалиев Кыргыз Республикасынын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө таасир этүү чөйрөсүн кеңейтүү боюнча өзүнүн жеке максаттарын көздөп, буга белгилүү бир деңгээлде жетишип, К.Асанбектин жана анын тобунун укукка каршы ишмердигин ар тараптуу колдогон жана системалуу негизде каржылап турган”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Расмий маалыматтан Абдувалиевге “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо” айыбы тагылганын түшүнсө болот. Дал ушул берене менен маркум Көлбаевдин апасы да айыпталып, прокуратура аны 10 жылга абакка кесүүнү суранган. Бул берене Көлбаевдин жакындарынын, аны менен байланышы бар адамдардын көбүнө коюлду.

УКМК издөө салган “Салимбай байбача” Өзбекстанда алты жылга кесилип, азыркы маалда камакта отурат. Ал “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси менен соттолгон. Ушундан улам абакта отурган адамга эмне себептен издөө жарыяланууда деген суроо пайда болууда.

Буга УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков мындай деп жооп берди:

Артур Медетбеков.

“Салим Абдувалиев алты жылга кесилгени менен анын беренеси амнистияга, мөөнөтүн мурда бошотууга туура келет. Андыктан ал жакын арада эле абактан чыгып кетиши мүмкүн. Ошондо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайыктап, Көлбаевдин кылмыш тобун каржылаганы үчүн, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтиргени үчүн жазага тартса болот дегенди түшүндүрөт. Аны азыр жарыяланган издөөнүн негизинде кармап, Кыргызстанга алып келүү боюнча эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн".

Кыргызстандын атайын кызматы издөө салган Абдувалиев 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган.

Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылылат.

Ал эмес Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен байланышын жазган.

"Салимбай байбачанын" Кыргызстандагы байланыштары

“Салимбай байбачанын” Борбор Азиядагы, анын ичинен Кыргызстандагы таасири, байланыштары боюнча сөздөр башынан эле айтылып, саясаттагы таанымал адамдар менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланып кеткен.

2015-жылы парламенттик шайлоо алдында Абдувалиевдин ишенимдүү адамы “Кыргызстан” партиясынын пайдасына өзбек тектүү электоратка таасир этүү үчүн өлкөгө келгени айтылган.

Салимбай Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн адамдар. Сүрөт Балбак Түлөбаевдин Facebook баракчасынан алынды.

Быйыл 25-январда УКМК Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди камаган. Башкы прокуратура ага чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен 26-декабрда кылмыш ишин козгогон. Анда депутат 2022-жылдын декабрь айында Ташкентте Абдувалиевге жолугуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өткөнүн билдирген. Жамгырчиев бул окуядан кийин мандатын тапшырды.

Эркин журналист Семетей Талас уулу өзбекстандык шектүү ишкер менен Абдувалиев менен Көлбаевдин "илгертеден эле байланышы бардыгына" токтолду:

Семетей Талас уулу.

"Баңгизат, аткезчилик, бажыдагы ар кандай схемалар. Мындан тышкары накталай акчаны сыртка ташуу да ушулардын колунда. Абдувалиев Кыргызстандагы айрым шайлоо иштерине да аралашып калды. Соңку окуялардан улам булардын тамырын кошо кыркалы деген аракет болушу мүмкүн. Өзгөчө булардын баңгизатына байланыштуу каналы бар да".

Эксперттер Абдувалиевдин Кыргызстанда башка адамдарга жазылган мүлкү, бизнеси да болушу мүмкүн экенин айтышат.

Негизи эле Борбор Азия мамлекеттеринде, өзгөчө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандагы криминал менен күрөш бир учурга туш келди. 2023-жылы октябрда Кыргызстанда криминалдын анабашы аталган Камчы Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынды. Казакстанда да кылмыштуу топторго тиешеси бар делгендерди жапырт кармоо жүрдү. Жыл соңунда Өзбекстанда Абдувалиевден тышкары "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен белгилүү болгон Бахтияр Кудратуллаев, “Сайидазиз медгородок” деп таанылган Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.

Өзбекстандык саясий серепчи, Central Asia Due Diligence аналитикалык борборунун директору Алишер Илхамов эки коңшу өлкөнүн кылмыштуу топторунун байланышын белгиледи:

Алишер Илхамов.

“Өзбекстан менен Кыргызстандын кылмыштуу топтору бири-бири менен тыгыз байланышкан. Мирзиёев өзүнүн сактыгы менен белгилүү. Салимбайдын Өзбекстандагы таасири күчтүү. Аны эске алган бийлик Абдувалиевге чоң жаза колдонгон жок. Муну эске алган өзбек бийлиги кыргыз бийлиги менен сүйлөшүп, аны Кыргызстанда жазага тартуу чечимин кабыл алышы да мүмкүн”, - деди Илхамов.

Көлбаевдин өзүнө таандык жана анын көмөгү менен, “кылмыштуу каражаттарына” алынган турак жай, коттеждер, жер тилкелери, кымбат баалуу автоунаалар жана ар кандай объектилер мамлекетке өткөнү белгилүү болгон.

УКМК Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү аныкталып, алардын дээрлик баары камакка алынганын жарыялаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбек мафиясы Мирзиёевдин каарына калдыбы?