Ат-Башыга помидор эккен Айчүрөк

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айчүрөк Абдалиева Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургуну. Ал жаратылышы катаал бул аймакка быйыл жашылча-жемиштин түрүн айдап, айылга жаңылык киргизди. Негизинен мал чарбасына басым жасаган атбашылыктар дыйканчылыкка көп көңүл бурушпайт деле. Бирок Абдалиева жайлата тер төгүп, помидор, бадыраң, капустанын түшүмүн алды.