Астанада кыргыз мигранты иш берүүчүнү айыпка жыкты

Жабыркаган кыргыз мигранты Элдияр Окомбаев сотто. Астана, 1-март, 2016.

Казакстандын Астана шаарында курулушта иштеп жүрүп, өндүрүштүк жаракат алган кыргыз мигранты кенемтесин төлөбөй койгон иш берүүчүлөрдү сотто жеңип алды.

Казак соту иш берүүчүлөрдү ага 150 миң теңге төлөп берүүгө милдеттендирди. Бирок жабыркаган мигрант бул суммага макул эмес.

Кап менен капшыра баскан кырсык

Кыргыз мигранты Элдияр Окомбаевдин арызын 1-мартта Астананын Есил райондук соту карап, материалдык жана моралдык чыгым иретинде иш берүүчүлөрдү 150 миң теңге төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Бул 435 доллардын тегерегиндеги акча болот.

Казакстандын Эмгек кодекси иш берүүчүнү жумушчу иш учурунда ден соолугуна зыян келген учурда материалдык жоопкерчилик тартууга милдеттендирет. Сотто кыргыз мигрантынын таламын талашкан юрист Анара Ибраеванын айтымында, иш учурундагы кокустук дароо иликтенип, дарыланууга акча төлөнбөгөнү үчүн Окомбаев моралдык да жапа чеккен. Анын аялы Жаңыл Нурузбаева иш берүүчүлөргө операцияга акча төлөө өтүнүчү менен кайра-кайра барган.

- Окомбаевге алгач басым-кысым көрсөтүү менен операцияга байланыштуу иш берүүчүгө эч кандай дооматым жок деген арыз жаздырып алышкан. Муну анын арызы жана операция 9 күн кечиктирилип жасалышы далилдеп турат. Айласыздыктын айынан ал өзүн кордолгон жана эч кимге кереги жок адам катары сезген, - дейт юрист Анара Ибраева.

56 жаштагы Элдияр Окомбаев 2014-жылдын ноябрында Кыргызстандан Казакстанга келип, “Базис-А” курулуш компаниясына ишке кирет. Мындан 11 ай мурда иш учурунда кырсыкка кабылат. Тактап айтканда, былтыр 1-апрелде ал кургак кошулмалар салынган капты алмакчы болгондо үстүнө башка каптар кулап, жамбаш сөөгү үч жерден сынат. Ал азыр да балдак менен араң жүрөт.

Элдияр Окомбаев жубайы Жаңыл менен. Астана, 1-март, 2016.

Аялы Жаңыл Нурузбаеванын айтымында, кырсык эртең менен болсо да иштегилер аны түшкө чейин чыдап туруусун суранышкан. Акыры абалы оорлошо баштаганда бир сааттан кийин компаниянын бир кызматкеринин машинеси менен ооруканага алып барышкан. Бирок кокустук учур тиешелүү түрдө катталган эмес.

- Операция учурунда жасалбагандыктан жарасы ириңдеп кетип, оор сыныкка остеомиелит кошулду. Биринчи операцияны Миграция боюнча эл аралык уюм каржылады. Калган эки операцияны «Базис-А» компаниясы төлөп берди.

Жактоочу Анара Ибраева сотто иш берүүчү дарылануу акысын толук төлөбөгөнүн белгиледи.

Элдияр Окомбаевдин өзүнүн айтуусунда, ооруканада жатканда ага негизинен Миграция боюнча эл аралык уюм менен Казакстандагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери жардам берген:

- Фирма акча которгончо ооруканада тогуз күн жатып, эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болдум. Анан алар Cаламаттыкты сактоо министрлигине кайрылгандан кийин колума эки камсыздоо кагазы түштү. Ушундан соң гана менден кечирим сурашып, эки жолу операция жасашты.

Иш берүүчүнүн "илбериңкилиги"

Сотко котормочу катары катышкан Казакстандагы кыргыз элчилигинин консулу Алмазбек Байбосуновдун белгилешинче, “Базис-А” компаниясы бул кокустукту көпкө чейин мойнуна алгысы келбей, окуядан төрт ай өткөндөн кийин гана иликтөө жүргүзүлгөн.

Астана шаарынын мамлекеттик эмгек инспекторунун тыянагында бул кырсыкка толугу менен иш берүүчү күнөөлүү экени жазылган.

“Базис-А” компаниясынын “Азаттыкка” өзүн тааныштыруудан жана комментарий берүүдөн баш тарткан өкүлү сотто Элдияр Окомбаев менен аны жактаган тарап “бурмаланган маалымат” бергенин айтып, алардын арызы менен макул эместигин билдирди.

- Жапа чегүүчү ошол учурда технологиялык талаптарды бузуп, эшилме заттар салынган каптардын ортосунда турган капты сууруп алганын мойнуна алган арыз жазган.

Анын пикиринче, Окомбаев эч кандай чыгым тарткан эмес жана дарыланууга кеткен чыгымын эл аралык уюмдар төлөп бергендиктен компанияга койгон дооматы негизсиз.

Кыргыз мигрантынын жактоочулары казак сотунун иш берүүчүлөрдү 150 миң теңге төлөп берүүгө милдеттендирген чечимине макул болбой, апелляциялык арыз бергени жатат. Алар материалдык жана моралдык чыгым үчүн мындай аз суммага ыраазы эмес. Сотко жолдогон доо арызында Элдияр Окомбаев өндүрүштүк жаракат алганы үчүн 10 миллион теңге компенсация өндүрүп берүүнү өтүнгөн эле.