Ассолдун Нью-Йорктогу ийгилиги

Ассоль Абдуллина.

Жакында Нью-Йоркто өткөн абройлуу «Трайбека» кинофестивалында кыргызстандык Ассоль Абдуллина «Мыкты актриса» наамына ээ болду. Ал бул сыйлыкты режиссер Дэвид Гутниктин «Энелик» («Materna») деген тасмасында аткарган ролу үчүн алды.

- Ассоль, «Мыкты актриса» наамына ээ болушуңуз менен куттуктайм. Бул абройлуу фестивалда жеңүүчүлөрдү жарыялап жатканда ысымыңызды укканда кандай сезимдер болду?

- Чоң рахмат! Чындыгында жеңүүчүлөрдү жарыялап жатканда мен укпай калдым. «Трайбека» кинофестивалы бул жолу кырдаалга байланыштуу онлайн өттү. Башында алар жеңүүчүлөр менен байланышып, реакцияларын алдын ала жаздырып алышканы айтылды. Мага жана режиссерума эч ким чалбагандыктан эч нерседен үмүт кылбай эле көрүп отура бердим.

Ошол маалда 11 айлык наристем ыйлай баштады. Аны уктатайын деп башка бөлмөгө кеткем. Бир убакта режиссер чалып, «Ассоль, сен уттуң!» деп кыйкырып, куттуктады. Мен албетте нес болуп, түшүнбөй туруп калдым. Анан дароо эле Интернеттен карасам «New York Times», «Times», «Hollywood Reporter» сыяктуу чоң басылмалар "Трайбека" кинофестивалында «Мыкты актриса» наамы Ассоль Абдуллинага ыйгарылды» деп жазышыптыр. Ошондо гана ишенип, кубандым.

Биринчи кезекте Кыргызстаным үчүн сыймыктандым. «Трайбекада» кыргызстандык актриса биринчи жолу ушундай наамга арзыды деп ойлойм.

- Бул наам «Энелик» деген фильмде аткарган ролуңуз үчүн ыйгарылды. Сиз анда ролду гана аткарбастан, фильмдин сценарийин да кошо жазышкан экенсиз. Бул тасмага кантип аралашып калдыңыз?

- Мен тасманын режиссери Дэвид Гутник менен Катя Михайлова аттуу композитор аркылуу «Санденс» фестивалында таанышкам. Катя кыйла белгилүү эле композитор, тасмалар үчүн музыка жазат. Ал да Кыргызстандан болот.

Алгач Дэвид менен жөн эле жолугуп сүйлөштүк. Ошол маалда экөөбүз тең изденүүдө жүргөн экенбиз. Ал да, мен да ичибиздеги бир букту басуунун жолдорун издеп жүрүптүрбүз. Мен ошол кезде толук метраждуу тасманын сценарийин даярдайын деп жүргөм. Ага айтсам, мени колдоду. Эртеси күнү чалып, кызматташууну сунуштады. Ошентип бирге иштеп, сценарийин бүтүрдүк.

- Бул фильм энелик жөнүндө экенин окудум. Ошондой эле ал жакта гомофобия, бойдон алдыруу, зомбулук өңдүү темалар да көтөрүлүптүр. Эмне себептен ушул темага кайрылдыңар?

- Тасмада төрт каарман аял бар. Алардын бирин аборт темасы түйшөлтсө, башкасын гомофобия, үчүнчүсүн зомбулук темасы кыжалат кылат. Бирок алардын баарын энеликке болгон көз караш бириктирет.

Тасманын жарымы Бишкекте тартылды. 2018-жылдын күзүндө режиссер Дэвид Гутник, продюсер Мая Марголина жана оператор Жае (Chananun Chotrungroj) болуп бардык. Кыргызстандык киносүйүүчүлөр Жаени Эльнура Осмоналиеванын «Сейде» деген тасмасынан билишсе керек. Ошол тасманын да оператору Жае болгон. Ошондой эле Кыргызстандан да команда тартуу иштерине көмөктөштү. Дэвидге алар менен иштешкен абдан жакты.

"Энелик" тасмасынын көрнөгү.

- Сиздин каарманыңыз Перизат тууралуу айтып берсеңиз. Ал кандай кыз?

- Перизат кыргызстандык кыз. Ал да мендей болуп эле Нью-Йоркто жашайт. Үй-бүлөсүндө трагедия болуп, мекенине кайтат. Кандайдыр бир убакытты Кыргызстанда жакындары менен өткөрөт. Бул аралыкта ал ичиндеги уйгу-туйгуну, ага тынчтык бербей келген ойлордун себебин тапканга аракет кылат.

- Өзүңүз үчүн бул тема канчалык жакын?

- Аябай жакын. Мен деле алыста болгонум үчүн жан дүйнөмдө такай бир кызыктай сезимдер боло берет. Америкага көчүп келгениме 15 жыл болду. Мен Кыргызстанда эмесмин, бирок ал менин үйүм, менин мекеним. Мурда жыл сайын каттап турчу элем, азыр эки жылда бир барып турам. Ал жакта ата-энем бар.

Америкадан үй-бүлө күттүм. Турмушка чыгып, балалуу болдум. Ошол эле маалда мен Кыргызстанда да эмесмин, Кошмо Штаттарда да толук орун-очок алып кете элекмин. Кандайдыр бир ортодогу мейкиндикте калып калгандаймын. Ошондуктан каарманымды да Пери деген сөздөн алып, Перизат деп атадым. Ал да жашоодогу өз ордун, жан дүйнөсүнүн тынчтыгын таба албай мейкиндикте учуп жүргөндөй.

Ассоль Абдуллина.

- Тасмада төрт аялдын тагдыры баяндаларын айтып жатпайсызбы. Эмне себептен сиз аткарган роль «Трайбека» кинфестивалынын «Мыкты актриса» номинациясына көрсөтүлдү?

- Чынын айтсам, мен өзүм да, продюсерлер да билишпейт. Маселен, толук метраждуу тасмалардын көбүндө бир негизги каарман болот. Ал экран убактысынын 90 пайызын ээлейт. Менин каарманым экран убактысынын төрттөн бир бөлүгүн гана ээледи, калганы башка үч актрисага бөлүштүрүлдү. Балким «Трайбека» кинофестивалында калыстар тобуна бул роль өзгөчө жакса керек. Өзүм үчүн такыр күтүлбөгөн сыйлык болду.

- Бул абройлуу сыйлыкты алгандан кийин сизди башка кызыктуу долбоорлорго чакыруу ыктымалдуулугу канчалык жогору? Белгилүү режиссерлор байкап, чакырышат деген үмүт барбы?

- Албетте, бул сыйлык менин карьерамда кандайдыр бир жаңы баракты ачат деп үмүттөнөм. Ыктымалдуулук жогору эле, анткени калыстар тобунда отургандар байкашы мүмкүн. Бирок азыркы кырдаалды эске алганда бир аз оор болот го. Анткени карантинден улам баары токтоп турат. Пандемия болбогондо, азыр режиссерлор менен байланыштарды түзүүгө ыңгайлуу учур эле. Ошондуктан бир нерсе айтыш кыйын.

Мага бир нече телекомпаниялардын кастинг бөлүмдөрүнөн телефон чалышты. Бул деле жакшы. Ошол эле маалда мен кимдир бирөө сөзсүз мени байкап калып, бир долбоорго чакырат деп деле күткөн жокмун. Соңку кездери көбүнчө сценарий жазуу, каармандардын образын түзүү менен алектенип келем. Азыр дагы эки-үч долбоордун үстүнөн иштеп жатам. Ошолорду ишке ашырууга аракет кылам. Эгер сунуштар түшүп калса, мен аларга дагы ачыкмын.

- Эми Нью-Йорктогу актерлук жашооңуз тууралуу айтып бересизби. Атаандашуу ушундай күч болгон Америкада актриса болуу канчалык оор?

- Абдан оор. Эгер сен Америкадан чыккан актриса болсоң аябай оор. Кошмо Штаттарда төрөлүп өспөгөн актрисага андан көп эсе кыйын. Биринчиден, менин өң-келбетим азиялыктардай. Англис тилинде орусча акцент менен сүйлөйм. Албетте мен муну оңдогонго аракет кылып жатам. Бирок баары бир мен америкалык эмес экеним билинет. Ошондуктан кастинг өткөргөн бөлүмдөр мени кайсы ролго коёрун билбей убара болушат.

Экинчиден, биздин кесипте жумушка кирип эле иштей бербейсиң. Баары бир долбоордон экинчи долбоорго чейин уланат. Такай жумуш издөө менен алексиң. Тынбай кастингдерге барып, эшик каккылап турушуң керек. Атаандаштык абдан күчтүү болгондуктан, бир жакка илинип калуу өтө оор. Мен ошондой эле театрда да эмгектенем. Ал деле оңой эмес. Бирок театрда жарым жылда бир роль ойносоң да бир канча айга жетерлик эргүү аласың. Эптеп тандалып калсаң да акча табуу кыйын. Кээ бир долбоорлордо өтө аз төлөнөт, атүгүл кээде төлөнбөй да калат. Ошондуктан Нью-Йоркто актирса болом дегендерге мындай кеңеш бербейт элем.

- Эмне себептен бул кесипти жана Нью-Йоркту тандап алдыңыз?

- Мен Кыргызстанда жашап жүргөндө моделдик агенттиктердин биринде иштечүмүн. Ошол кезде белгилүү дизайнер Дилбар Ашимбаева менен көп кызматташып калдык. Ал эми анын жолдошу Талгат Асыранкулов режиссер болчу. Алар агенттикке кайрылып, өзүмдү сынап көрүүгө чакырышты. Ошентип Казакстан-Кыргызстан биргелешип тарткан «Бейиштеги куштар» тасмасына тартылып калдым.

Анан Борбор Азиядагы Америка университетин аяктаган соң Кошмо Штаттарга 2005-жылы социалдык статистика боюнча магистратураны окуганы келдим. Аны аяктап, Вашингтон шаарынан юридикалык компанияда жумуш таап иштеп жаткам. Ал учурда көңүлүм негедир тасма жаатына, чыгармачылыкка тартып туруп алды. Нью-Йоркко келип, актёрлук курстарга тапшырдым. Ошондо гана бул менин көңүлүм сүйгөн кесип экенин түшүндүм. Он жылдан бери актёрлук менен алектенип келем.

- Өзүңүз айткандай, бир долбоордон экинчисине чуркап, кыйналган учурларда статистика менен эле жүрө бербей деген ой болобу?

- Ал ой күн алыс пайда болот. Өзгөчө өзүм теңдүүлөр туруктуу иштерде жакшы маяна алып иштеп жатканын көргөндө албетте ичим күйүп кетет. Ошол маалда «мен деле ушинтип иштеп жүрө берсем болмок да» деп ойлоном. Эч санааркабай бир жерде иштей берет элем, медициналык камсыздандыруу болмок. Ошондой маалда жумуш издөөгө камынып калам. Бирок, жан дүйнөм баары бир чыгармачылыкты каалайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​