Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүп берди.
2010-жылдын июнь окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу өткөн жылы Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Буга чейин Аскаровдун өлүмүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы иликтеп жаткан.
Эми бул иш акыйкат тергелип, күнөөлүүлөр аныкталып, тиешелүүлөр жазага тартылышы керек дейт маркумдун жубайы Хадича Аскарова.
“Мен да кабардар болдум. Эми адилеттүү чечим чыгат деп үмүттөнүп турам. Анткени ошол учурда Азимжандын оорулуу экенине карабай, билип туруп тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес. Алдын алып аракет жасаш керек эле. Эми бул иш иликтенип, чечим кабыл алынат” деп үмүттөнөм".
Аскаровдун өлүмүн тергөөнү башка мекемеге өткөрүп берүү өтүнүчү менен "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюму Атайын прокуратурага жана Жаза аткаруу кызматына сентябрь айынын башында кайрылган.
Уюм "Жаза аткаруу кызматы бул ишти тергөөдө өзүнүн карамагындагы кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрө албайт" деп жүйө келтирген.
“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова мекеме өз аракетине баа бере албайт деген пикирде.
“Биздин эксперттер, юристтерибиз жакшы аракет кылды. Ушул жыйынтык болду. Биз, Азимжан Аскаровдун ишинин туура иликтенишине жетишсек, жардамга муктаж башка жарандардын да ишине түрткү болобуз. Адвокаттардын арызын карап, акыйкат чечим чыгарышты. Кайра башка мекеменин кароосуна жибергени туура болду. Жаза аткаруу кызматы өз ичиндеги ишти канчалык айтканы менен алар өз мекемесинин кемчиликтерин айта алмак эмес да. Ошол учурдагы бийликтин адам укугуна маани бербеген аракетинен он жылдай абакта отурду да”.
2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган.
Дагы караңыз Риттман: Аскаровдун абакта көз жумганы кыргыз бийлигине көө жапкан ишБылтыр укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталып, кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон. Бирок быйыл 27-июлда Бишкек шаардык соту Аскаровдун өлүмү боюнча ишти кайра кароого жол ачкан чечимин чыгарган.
Ошондон кийин Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти жаңы жагдайлар боюнча 1-сентябрдан тартып тергей баштаган.
Мекеменин өкүлү Элеонора Сабатарова кайсы кызмат иликтесе да бир эле жыйынтык болот, анткени эч кандай мыйзам бузулган жок деп эсептейт.
“Иликтөө башталганда нааразы болуп жатышпады беле. Кайрылуу болсо да, болбосо да өз ажалынан кайтыш болгон кишинин өлүмүн өз алдыбызча иликтейбиз. Анан Атайын прокуратура карайт. Ким караса да биздин мекеме даяр. Анткени Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча мыйзамсыз аракеттер жок”.
Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алып келет. Маселе 6-сентябрда Брюсселде өткөн Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда да көтөрүлгөн.
Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушкан учурда Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү жандантууну сунуштаган.
Хью Уильямсон жаңы тергөө адилет жүрүп, туура жыйынтык чыгат деген үмүт бар экенин “Азаттык” радиосуна курган маегинде билдирген.
Дагы караңыз "Кыргыз бийлиги менен диалогду улантабыз"“Кыргызстан үчүн турбуленттик мезгил болуп жатат. Президент Садыр Жапаров буга чейин адам укуктарын колдой турганын айткан. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда Кыргызстан демократиялык жол менен алга жыларын дагы белгиледи. Биз кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогду уланта беребиз. Адам укугун коргоодо жана алдыга жылдырууда кыргыз өкмөтүнө жардам бергибиз келет. 2020-жылдагы Азимжан Аскаровдун абактагы өлүмү боюнча жаңы ачылган иликтөө көз карандысыз жүрүп, чыныгы күнөөлүүлөр табылат деген үмүттөбүз”, - деген Уильямсон.
Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу укук коргоочу уюмдар кыргыз бийлигин сынга алып, сунуштарын айтып келет. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече ирет кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайын уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келген.
“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова эл аралык деңгээлде көтөрүлгөн бул ишти адилет тергеп, Аскаровдун өлүмү боюнча иште да туура чечим кабыл алмайынча, "адам укугуна байланышкан эл аралык иш-чараларда маселе көтөрүлө бербесин десе, кыргыз бийлиги туура чечим кабыл алышы керек" деп эсептейт.
“Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча кайра иликтөөгө жол ачылышы бул - алгачкы кадам. Жакшы жагына жылыш десек болот. Бул бир эле мисал. Мындай учурлар жабык жайларда болуп жатат. Кыргызстан эгер эл аралык мааниде адам укуктары боюнча ордун жогорулатып, адам укугу боюнча жылыштарды жасай турган болсо ушул ишти аягына адилет чыгарышы керек. Азыр акырындап жылыштар болуп жатат. Албетте, жеңил болбойт. Бирок мурдагы бийликтин күнөөсүн моюнга алып, мындан ары оңдоп кеткенге мүмкүнчүлүк бар. Күнөөсүз отургандар боюнча да туура чеимдер чыгат. Мен ишенем бул аткарылат. Башка артка жол жок”.
Дагы караңыз "Турмуш өтүп жатат, атабыз гана жок"Буга чейин Европа Биримдиги, Human Rights Watch уюму жана эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, кайрылуу тараткан.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров "Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деген айып менен кармалып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Сотто "Аскаров улут аралык чатакты козутууга катышкан, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жана башка оор кылмыштарга күнөөлүү" деп табылган.
Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен Чүй облустук сотунда кайра каралып, бирок мурдагы өкүмдөр жокко чыккан эмес. Жогорку сот да укук коргоочуга карата чыккан өкүмдөрдү күчүндө калтырган. Аскаров көзү өткүчө өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген.
Дагы караңыз Күтүү менен өткөн 10 жыл