Дүйнөлүк поэзияга төңкөрүш жасаган төрт жыл
Жан Николя Артюр Рембо… 16 жаш курагында Поэзиянын босогосун аттап, 20 жашында Ыр дүйнөсүнүн каалгасын биротоло жапкан Гений акын. Ушул төрт жыл аралыгында эле ал дүйнө адабиятында чоң төңкөрүш жасаган.
ХХ кылымдагы бир катар агымдарга - символизм, футуризм, сюрреализмге жол салган.
Артюр Рембо болгону 37 жыл бул жарык дүйнөдө жашаган. Ал өмүр бою өзүнөн өзү качып, өмүр бою көздөгөнүн жер бетинен таппай изденүү түйшүгүн тартып өткөн.
Бала кезден зээндүүлүгү, зиректиги менен өзүнүн теңтуштарынан айырмаланган Артюр 7-8 жашынан эле ыр жаза баштаган экен. Болгондо да латын тилинде жазган ырлары менен мугалимдеринин көзүнө илинген. Ал өзү туулуп-өскөн Шарлевиль шаарчасындагын китепкананын эшигин жыртып, болгон китептин баарын колунан өткөрүп чыгат.
Дагы караңыз Күндү сүйгөн, бактылуу Рамис акынАлакандай Шарлевильде жан дүйнөсүнө азык берип, талантын таанып-баалай алар жан таба албай туталанат. Франциянын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Шарлевиль шаарчасы тургай, дүйнөгө батпоочудай буулуккан Артюр Парижге бир канча жолу качып барат. Бирок чөнтөгүндө бир тыйыны жок боз уланды полиция кайра-кайра үйүнө кайтарат. Жаш акын бир жагынан чакан шаардан суурулуп чыгып, чоң дүйнөгө аралашкысы келет. Экинчи тараптан ар бир кадамына көз салып турган апасынын катаал тарбиясынан бошонуп, эркиндикке чыгууну эңсейт.
Энесин төрт бала менен жалгыз таштап, үйдөн биротоло чыгып кеткен атасынан кыпындай да кабар жок. Курган эне болсо жаш акындын буулугуп турган дүйнөсүн түшүнбөйт, анын кагаз кармап ыр жазган өнөрүн жактырбайт. Кыялында уулу юрист же чиновник, айтор өкмөт кишиси болсо деп тилейт.
Ошентип жүрүп, акыры тагдырдын буйругу менен Артюрдун Парижге жетүү кыялын акын Поль Верлен аткарат. Ага да албетте, өжөрлүгү менен Артюр өзү себепкер болгон. Ал өзү сүйүп окуган Верленге «Мени сазга баткан бу жердин чуңкурунан сууруп чыгарып кет» деген каты менен бир канча ырын кошо жиберет. Верлен жаш акындын «Мас кеме» аттуу ырын окуп, Ыр дүйнөсүнө генийдин өзү келгенин дароо эле түшүнөт. Арийне, Поль үчүн Артюр менен жолугушуу жеке турмушунда өтө кымбатка турган. Артюрдун айынан ал кийинчерээк үй-бүлөсүнөн да айрылат, түрмөгө да жатып чыгат.
Дагы караңыз Сен кеткенде шолоктоп асман ыйлады...А.Рембо «Мас кеме» ырында деңизге чыккан кеменин ээлери бүт өлүп, өзү жалгыз толкундар менен жарышып улуу суунун үстүндө белгисиз тарапка эркин сүзүп жөнөгөн кеменин баянын берет. Чалкыган деңизде ээсиз калган кеме капыстан туш болгон азаттыгына мас болуп, толкун урган жактарга боюн таштап, табияттын кучагында кең ааламга батпай жүрүп олтурат. Кеменин барар жери белгисиз, жетер жээги туңгуюк… Бирок, ал үчүн мунун мааниси жок. Мас кемеге азаттыгы гана чоң олжо. Бул ыры менен Артюр ошол 16 жашында эле өзүнүн өмүр жолун аныктап айтып койгондой.
Жаш Артюр үчүн дүйнө ал көргөн турпатынан башкача болушу керек эле. Ал жазган ырлары менен чындыгынан жалганы көп ыплас дүйнөнү жаркын тарапка өзгөрткүсү келет. Ушундан улам ал өзүн «олуя», «от уурдаган адам», «козголоңчу» деп атайт. Али сүт оозунан кете элек боз улан Париждин адабий чөйрөсүндө таанылган акын-жазуучуларынын жазгандарын да жараксыз деп жактырбайт.
Кай жерге барбасын чуу салган, акындардын кемчиликтерин көзгө сайып мазактап турган Артюрдун жоругун Верленден башка эч ким көтөрө албайт. Поль Верлен тескерисинче, жаш акындын мындай албуут мүнөзүнө, жанда жок курчтугуна, тайманбастыгына суктанат. Анын артынан ээрчип, бөтөнчө поэтикалык тилинин, дүйнөсүнүн алдында башын ийип, Генийликтин жолуна жарык болуп берүү үчүн жаш аялынан, жаңы төрөлгөн уулунан баш тартат. Эки акын чыгармачылыкка башын сайып, тагдырдын колуна өздөрүн салып берип, бүтүн Европаны кыдырып кетишет.
Дагы караңыз Лермонтов - катаал, кайталангыс акынАртюрдун элдин баарынын үшүн алып, иренжитип, бирок акын Верленди суктандырган кежирлиги анын ички дүйнөсүндө жөнөкөй адамдык «мен» менен поэтикалык «менинин» кармашынан улам жаралат. Ал Ыр дүйнөсүнө арбалган 15-16 жаш курагынан 20 жашына чейин поэтикалык «Менге» бардык бийликти өткөрүп берет. Кыял дүйнөгө бардык сезимдеринин көнүмүш ыргагын бузуп, сүңгүп кирет. Артюрдун пикиринде акын качан гана бул реалдуу дүйнөдөн бошонуп, кыял дүйнөнүн кучагына арбалып, эңги-деңги, делбетап болгон абалда гана дүйнөнү тыңшап туя алат.
Артюр ошол кыял дүйнөдөн көргөн-туйганын ырга салган. Ушундан улам анын ырларында кыял дүйнөнү бөтөнчө сезимталдык менен туюп, үзүл-кесил бүткөн элестер, купуялуулук басымдуулук кылат.
"Акын жөнөкөй адамдар көрө албаган дүйнөнүн башка тарабын көрө билген олуя болушу керек", - дейт Артюр.
Ал чын эле өзүнө чейинки ыр жазуунун салттуу системасын бузган. Француз поэзиясында «эркин жазылган ырдын» доорун баштап берип кеткен. Акын поэзиядагы «эрежелерге» баш ийбей, өз үнү менен чыгып, өтө эркин болгондо гана нукура чыгарма жарата алат деген Рембо.
Дагы караңыз Эрнис Турсуновдун эстен кеткис көркөм мурасыАртюр Рембо болгону жыйырма жашында дүйнөгө, адамдарга өз сөзүн Поэзия аркылуу айтып бүткөн. Чындыгында акындын жалбырттап күйгөн поэтикалык «менине» анын жан дүйнөсү көпкө чыдашы мүмкүн да эмес эле. Акын калган өмүрүндө адамдык «менге» орун бошотуп берет.
Акын чабалактаган дүйнөсү менен тынчтык таппай, Европадан биротоло кетет. Акыры өзүнөн өзү качып отуруп, Кипрге, Мисирге, андан соң Эфиопияга чейин барып туруп калат. Ыр менен кош айтышкан акын катардагы адам болуп, түрлүү-түмөн иштерди аткарып, алтургай мыйзамсыз курал-жарак саткан компаниянын өкүлү болуп да иштейт. Ошентип жүрүп ооруга чалдыгат. Дарыгерлер бир бутун ампутация кылгандан кийин да оңоло албай, Артюр 37 жаш курагында дүйнө менен кош айтышат.
Гений акын дүйнөнүн телегейи тегиз эместигин өтө эрте аңдап түшүнгөн. Ошол телегейи тегиз болбогон дүйнөнү поэзия менен өзгөрткүсү келип, адам катары жашоону жыйыштырып, Акын катары өзүн жапырт жагып берген. Бирок, көөнө дүйнөнү поэзиянын күчү менен алмаштыруу мүмкүн эместигине бат эле көзү жетет. Ошондуктан 20 жашында ыр жазууну токтотот. Бирок, Артюр калган 17 жылдык өмүрүн да Акын катары жашап өткөн десек болот.
Себеби, ал Акын катары ыймандай сырын, өзү тааныган чындыкты жазып бүтүп, айтар сөзү калбаган соң, Поэзияга калп айтып ыр жазгысы келген эмес. Кыргыз акыны Алыкул Осмонов «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, Ырыма бир мертебе калп айталбайм» дегениндей, Артюр Рембо Акын катары унчукпай үнсүз жашап өткөн. Ал үнсүздүк Гений Акындын колунан гана келе турган Улуу үнсүздүк болгон.
Дагы караңыз Тентимишевдин Алыкулга гүлдестесиТөмөндө акын Нарсулуу Гургубаеванын эркин котормосундагы Артюр Рембонун «Жетим балдардын жаңы жылдык белеги» аттуу карлыгач ырларынын бирин сунуштайбыз.
Жетим балдардын жаңы жылдык белеги
I
Эки бала бөлмөнү түн каптаарда,
таттуу, муңдуу шыбырашат. Балдардын,
кур кыялын көтөрө албай ак парда
балдар менен кошо өзү дирилдеп,
башын жерге салып турат, арман күн.
Сыртта болсо, канаттуулар үшүгөн
Сенейишет. Туман жуткан дүйнө өлөт,
Боз асмандын чындыкка окшош түсүнөн
Каргылданып, ыйлап ырдайт жаңы жыл
Кар чапаны кайгы сымал сүйрөлөт.
II
Дирилдеген парда алдында жаш балдар,
Томсорушат түндүн өзү сыяктуу
Ойлуу угат бир шыбырды асмандан…
Чочуйт балдар конгуроодой бир үндөн
Айнек шарды койгулаган темирдин,
Үнү тынбайт, кайталанат ырааттуу…
-Муздак бөлмө. Керебетте, бурч-бурчта,
Жатат кара түндөй аза кийими:
Босогодо боздоп шамал бүлүнгөн,
Кыштын демин үй ичине толтурду
- эмне жетпейт ушул үйгө тумчуккан?
Апа жетпейт. Апасыз үй ор сындуу…
Кечээ апа, кетээринде бул үйдөн
Жеңиш толгон көзү менен, күлмүңдөп
Үлгүрбөдү, күл чыгарып, от жагып,
Жууркандарын да жылуулап үлгүрбөй...
Кечээ апа кетээринде бул үйдөн
Билбей калды таңда ызгаар болоорун,
Билген болсо, эшигинен өткөрбөй
Бою менен тосмок кыштын бороонун…
Кыялы эле кечээ кеткен апанын
Балдары анан, жылуу уя, Гүл бакча…
Бутагында апапакай түш көруп,
Балдары анда башын катып укташса…
Өчтү оту, өчтү мээрим уядан
Атчу таңдан коркуп жашайт жаш балдар.
Уя менен кошо муздайт бул аалам.
III
Түшүндүңөр. Байкуш балдар жетимдер.
Апасы жок, алыс дешет атасын.
Кызматчы аял карайт жетим балдарды.
Муздак үйдө муздак бойдон батат Күн.
Жарык күндөр, жандай элек арманды
Күлкү сымал шыңгыр этет эсинде.
Теспе сымал тегеренет ойлору.
Кыялданып укташчу эле кечинде:
-А! Сонун таң, жаңы жылга бул таңда
Кандай белек алат экем? Анан да
Түркүн түстүү кагаздарга оролуу
Момпосуйлар, оюнчуктар, буюмдар
Түштөрүнө кирээр эле жаркырап.
Обон салып, бийлеп турган куюнга
Төшөктө оонап жатып жомок айтылмак.
Бакыт менен атмак анан ак таңы.
Эриндерин түйүп, көзүн ушалап,
Сексеңдетип уйпаланган чачтарын,
Жакшылыктан жанып, жаркып көздөрү
Ата-энеси жаткан жарык бөлмөгө,
Алып бармак жылаңаяк буттары
Өөп айтып аруу-арноо сөздөрүн.
Шоктук коштоп турмак анан бүт баарын.
Гүлзада Станалиева, адабиятчы