Арстанбап - касиеттүү, берекелүү жана сырдуу токой
Облуста 14 токой чарба, 38 миң гектардан ашык жаңгак токой бар. Анын 5 миң гектары өзгөчө коргоолучу аймак болсо, 800 гектары жаш мөмө албаган көчөттөр.
Жергиликтүү эл жаңгак токою менен күн көрөт. Токой сыртынан жыш көрүнөт. Бирок эксперттер соңку жылдары суюлуп баратканын айтып келишет.
Арстанбап жаңгак токою качан пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок окумуштуулар ал бул жерде 50 миллион жыл мурун пайда болгон деп болжолдошот.
Арстанбап токою кезегинде кыргыз жазуучусу Мурза Гапаровго эргүү берип, бир катар чыгармаларды жаратуусуна түрткү бергени адабий эскерүүлөрдө айтылып келет.
Бул жердин Арстанбап деп аталып калганы боюнча эл оозунда ар кандай уламыштар айтылып жүрөт. Алардын биринде Мухаммед пайгамбардын мезгилинде ушул аймакта Арстанбап аттуу олуя жашаганы, ал көктөн түшкөн касиеттүү данекти ушул тоолорго айдап, жыш жаңгак токойго айланы айтылган.
Арстанбаптагы эки шаркыратма да жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тартат.
1932-35-жылдары, илимий экспедициялар жаңгак-мөмөлүү токойлордун баа жеткистиги тууралуу изилдеп чыгышкан. Окумуштуулар жаңгак токойлору Фергана өрөөнүн жана Арал деңизин суу менен камсыз кылууда зор роль ойной турганын белгилешкен.
Токойдо жаңгактан башка дээрлик бардык мөмө-жемиштердин түрлөрү бар. Германиянын Билим берүү жана илим министрлиги каржылаган Борбор Азиядагы айыл чарба жана токой азыктарын кайра иштетүү боюнча атайын долбоордун изилдөөсү (SUFACHAIN) Арстанбап жаңгак токоюндагы жапайы жемиштер ден соолукка пайдалуу деген жыйынтык чыгарышкан.
1997-жылы 15-апрелде чыккан өкмөттүн №226 токтому менен токой ижарачыларга берилген. Учурда Жалал-Абад облусундагы 30 миң гектар жаңгак токою 8 миңден ашуун адамга бөлүнүп берилген. Алар келишимге ылайык, жыл сайын план төгүп турушат.
Токойдогу кууш жол. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматында Арстанбап токою Кыргызстандын он ажайып жери деген тизмеге кирген.
Арстанбап Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. 1945-жылдан тарта мамлекеттик корук болуп саналат.
Токойдун сууну сактоодогу ролу эбегейсиз. 1949-жылы Шульц деген окумуштуу өзүнүн формуласында суунун запастарынын 6 процентин мөңгүлөр берсе, 94 процентин токойлор бере тургандыгын эсептеп чыккан.
Грек жаңгагынын дарагынын бийиктиги 30-40 метрге, жоондугу 2-3 метрге жетет. Экологиялык аспектиде токойду коргоо жана сактоо өрөөндөрдү суу менен бир калыпта камсыздоого, жер кыртыштарын эрозиялык бузулуулардан сактоого, биотүрдүүлүктү сактоо жана жакшыртууга, токойлорду калыбына келтирүүгө, абаны кислород менен камсыздоого өбөлгө болору айтылып келет.
Коруктун айланасында жашаган тургундар ар кандай шарт түзүп, туристтерди тартканга умтулушат.
Арстанбаптын жергиликтүү тургундары өздөрүн грек кол башчысы Александр Македонскийдин урпактарыбыз деп эсептешет.
Уламыштарга ишенсек, биздин заманга чейинки III кылымда Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) жоокерлери азыркы Кожент шаарына кирип келет да жоокерлери кеселдеп калат. Алардын кыйраткыч согушунан корккон жергиликтүү эл Искендер Зулкарнайынга соога катары жаңгак ала барышкан экен. Жаңгак жеген жоокерлери дароо айыгышып, ошол жерден Искендер Зулкарнайын өзүнүн жортуулун андан ары улантпастан, артка кайтыптыр. Ошондо ал ар бир жоокерине экиден жаңгак ала барып, Грецияга эгүүгө буйрук берген экен. Мына ошентип кыргыз жаңгагы «грек жаңгагы» деген ат менен дүйнөгө белгилүү болгон.
Арстанбап токою Бабаш-Ата тоо кыркаларынан тартып Фергананын тоолорунун түштүк-түндүк беттерин ээлеп, Чаткал тоо кыркаларына чейин созулат.
Арстанбапка сезон учурунда өлкөнүн булуң-бурчунан жана башка өлкөлөрдөн миңдеген эс алуучулар келишет. Жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү зыярат кылганы келсе, чет өлкөлүктөрдү бийик тоолор, альпинизм, токой кызыктырат.
Арстанбап айылынын бийиктиктен көрүнүшү.
Жаңгак уюлунун баасы дүйнөлүк базарда кымбат тургандыктан Кыргызстандын жаңгак токойлорунан уюлдарды (каптарды) көмүскө сатуу Эгемендиктин алгачкы жылдары күч алган. Мунун натыйжасында токойдун аянты кыйла кыскарганы айтылып келет.
Токойго адамдардан башка да токой зыянкечтери, малак курту, коңуздар, шире мителери өтө чоң зыяндарды алып келет. Сүрөттө: Жаңгак дарагынын бооруна кол менен жазылган жазуулар.