Армениянын акыйкатчысы өлкөнүн сот системасында кеңири жайылган коррупцияны айыптады. Анын иликтөөсүнө караганда, соттордо паракордук өтө күчөп кеткен жана керек болсо, кимге канча акча төлөш керектиги тууралуу бейрасмий баалар тизмеси да бар.
Армениянын сот бийлиги өлкө омбудсмени Карен Андреасяндын коррупция жөнүндөгү жаңы докладынан үрөйү учуп турган чагы.
Акыйкатчы соттордогу паракордуктун канчалык терең жана кеңири жайылганын белгилеш үчүн аларда чөнтөккө канча пул салыш керектиги жөнүндө "бейрасмий прейскуранты" да бар экенин айтты. Ага ылайык, паранын көлөмү 50 миң долларга чейин чыгат.
Өткөн аптада журналисттерге сүйлөп жатып, акыйкатчынын орун басары Геня Петросян: "Биздин интервьюларда алынган маалыматка караганда, паранын көлөмү доо арыздын баасынын 10% түзөт", - деди.
- Бизге сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү биринчи инстанциядагы сотто 500 доллардан 1000 долларга чейин, Апелляциялык сотто 15 миң долларга чейин, Кассациялык сотто 10 миңден 50 миң долларга чейин пара бериш керектигин айтышкан.
Доклад судья-прокурорлордон турган 120 юрист ичинде жүргүзүлгөн сурамжылоого, Кассациялык сот жана президенттин, Башкы прокурордун жана Юстиция министринин көзөмөлү менен иштеген Юстиция Кеңеши акыркы жети жылда чыгарган өкүмдөргө негизделген.
Сот бийлигинин өкүлдөрү болсо акыйкатчынын докладын сындап, анын авторлорун Армениянын сот системасы жөнүндө “натуура ой таркатып” жатышат, “бул антиөкмөттүк доклад” дешти.
Баяндама жарыялангандан эки күндөн кийин Соттор кеңеши: “Эч бир далилге негизделбеген ойлордон турган отчет өлкөдө стабилдүүлүккө коркунуч келтирет”, - деп билдирди.
Баш прокурор Геворг Костанян акыйкатчыны баяндамасындагы айыптоолор боюнча далилдерди келтирсин деп талап кылды.
Юстиция министрлигинин расмий өкүлү Арсен Бабаян да докладда айтылгандардын тактыгынан жана акыйкаттуулугунан шек санап турганын билдирди.
Ошентсе да, адвокаттардын басымдуу бөлүгү акыйкатчынын баяндамасында келтирилгендерди колдошту. Алардын бири – адвокат Тигран Айрапетян.
"Мындан да ишенимдүү же мыкты баяндаманы элестетүү мүмкүн эмес", - деди адвокат.
Дегинкиси, армениялык адвокаттар сот системасындагы коррупцияга көптөн бери эле нааразылыгын билдирип келишет. Былтыр Кассациялык соттогу “массалык мыйзам бузууларга” нааразылык билдирген 500дөн ашуун адвокат бир күнгө иш таштоо жарыялаган.
Адвокат Айк Алумян жагымдуу өкүм чыгарыш үчүн соттор акча талап кылган көптөгөн учурларды биле турганын айтты. Анын ишениминде, бийликтер соттордогу коррупция менен күрөшүүгө ашыкпайт, анткени бул аларга каалаган учурда сотторду өзүнүн кызыкчылыгына колдонууга ыңгайлуу шарт түзөт.
"Соттор азыр прокурорлорго да, коопсуздук кызматтарына да көз каранды болуп калышты. Анткени коррупцияланган сотту башкаруу оңой жана андай соттордун болгону бийликтерге жагат", - деди Алумян.
Армениянын Акыйкатчы институту азырынча жумуриятта бир да судья паракорлук үчүн соттоло электигин билдирди.
Ал арада дүйнөдө коррупцияны иликтеген Transparency International уюму быйылкы отчетунда Армениянын сот системасын “эң коррупциялашкан” тармактардын бири катары сүрөттөдү.
Акыйкатчы соттордогу паракордуктун канчалык терең жана кеңири жайылганын белгилеш үчүн аларда чөнтөккө канча пул салыш керектиги жөнүндө "бейрасмий прейскуранты" да бар экенин айтты. Ага ылайык, паранын көлөмү 50 миң долларга чейин чыгат.
Өткөн аптада журналисттерге сүйлөп жатып, акыйкатчынын орун басары Геня Петросян: "Биздин интервьюларда алынган маалыматка караганда, паранын көлөмү доо арыздын баасынын 10% түзөт", - деди.
- Бизге сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү биринчи инстанциядагы сотто 500 доллардан 1000 долларга чейин, Апелляциялык сотто 15 миң долларга чейин, Кассациялык сотто 10 миңден 50 миң долларга чейин пара бериш керектигин айтышкан.
Доклад судья-прокурорлордон турган 120 юрист ичинде жүргүзүлгөн сурамжылоого, Кассациялык сот жана президенттин, Башкы прокурордун жана Юстиция министринин көзөмөлү менен иштеген Юстиция Кеңеши акыркы жети жылда чыгарган өкүмдөргө негизделген.
Мындан да ишенимдүү баяндаманы элестетүү мүмкүн эмесТигран Айрапетян